Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү окуу жайлардын студенттерине укук жаатында лекциялары өтүп жатышат

06/12/2023 - 17:57

 

Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү  жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин укуктук билимин жогорулатууга багытталган лекцияларды, конкурстарды, жыйындарды өткөрүшүүдө.

Акыйкатчынын Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 23-ноябрда Талас мамлекеттик университетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө, Талас агроэкономикалык колледжинде, Талас медициналык колледжинде “Адам укуктарынын сакталышы, коргоо жана колдоо” деген аталышта студенттерге  лекция окушуп, викторина жана конкурс өткөрүштү.  Ошондой эле  6-декабрда Талас шаарындагы Заманбап информациалык технологиялар институтунда (ИСИТО) да ушундай эле иш-чара улантылды.

Акыйкатчынын Ош шаарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү  Ички иштер министрлигинин  Ош шаарындагы республикалык окутуу борборунун угуучулары менен жолугушуп, укуктук сабаттуулукту жогорулатууга арналган талкуу болду.

Ал эми Ысык-Көл областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгү 30-ноябрда Иса Ахунбаев атындагы медициналык колледжде Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдык мааракесине арналган жыйын өткөрдү.Мындан тышкары 6-декабрда Каракол шаарындагы И. Бийбосунов атындагы педогогикалык колледжде зомбулук, рэкетчилик сыяктуу терс көрүнүштөрдү талкуулаган жыйын өттү. Жыйынга студенттер, ата-энелер катышты.

Акыйкатчынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө да бул өңүттөгү иш-чаралар активдүү уюштурулду.

Ошондой эле Акыйкатчынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан бир нече иш-чаралар уюштурулду. Тактап айтканда, 27-ноябрда Чүй университетинде студенттер жана мугалимдерге, 4-декабрда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №2 аялдар мекемесинин кызматкерлерине, 5-декабрда Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын бардык райондордон жана участкаларынан келген жаш кызматкерлерине адам укуктарынын менен эркиндиктеринин сакталышы жана корголушу тууралуу лекция түрүндөгү сабак өткөрүлдү.

Мындай иш-чаралар учурда республиканын баардык аймагында  уланууда.