Акыйкатчы мамлекеттик органдарды аскер кызматкерлеринин арасында уставка каршы мамилелердин алдын алууга чакырды
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдардан аскер кызматкерлеринин коопсуздугун жана укуктарынын сакталышын камсыздоону талап кылды.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана конвой департаментинин 5-кайтаруу батальонунда уставка каршы келген окуя орун алганы тууралуу маалымат ММКларга жарыяланар замат Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү жагдайды тактоо максатында аскер бөлүгүнө барды.
Окуя 2025-жылдын 1-сентябрынан 2-сентябрга караган түнү болжол менен 03:30дар чамасында ефрейтор Т.у.Н. менен ошол күнү күзөттө турган катардагы жоокер А.А.нын ортосунда болгон.
Аскер кызматкерлеринин айтымында, ефрейтор мас абалында түн ичинде аскер бөлүккө эки жолу келген.
Түнкү саат үч чамасында күзөттө турган жоокер менен айтыша кетип, анын башына 3–4 жолу урган. Ошондо гана аны аскер бөлүктүн командиринин орун басары үйүнө жөнөткөн.
Башка жоокерлердин айтымында, 19 жаштагы А.А. токтоо мүнөз, жетекчилик же бирге кызмат өтөгөндөр менен менен уруш-талашы жок жана буга чейин ефрейтор менен пикир келишпестиги да болгон эмес. Ал Ош шаардык аскер комиссариаты аркылуу чакырылып, 2024-жылдын сентябрь айынан тарта ЖАКтын 5-батальонунда кызмат өтөп жатат.
1998-жылы туулган ефрейтор Т.у.Н. Базар-Коргон аскер комиссариаты аркылуу чакырылып, 2025-жылдын февраль айынан бери батальондо келишим менен кызмат өтөөдө.
Түнкү окуядан кийин экөө тең Базар-Коргон райондук ооруканасында медициналык кароодон өттү. Ефрейтордун канынан алкоголь аныкталса, катардагы жоокерден жеңил дене жаракаты катталган.
Учурда бул окуя боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат. Ошол эле учурда ЖАКтын Башкы башкармалыгы ички кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.
Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева ЖАКтын жетекчилигин аскер кызматкерлеринин арасында уставка каршы мамилелердин алдын алуу үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө чакырып, тиешелүү катты Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасына жөнөттү.