Акыйкатчы Институтунун жамааты Жамиля Жаманбаевага терең кайгыруу менен көңүл айтат
Акыйкатчы Институтунун жамааты Жамиля Жаманбаевага терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
28-сентябрда узакка созулган оорудан улам КРнын эл артисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жаманбаева Тамара Кусеиновна 83 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Тамара Жаманбаева 1943-жылдын 14-майында Нарын шаарында туулган.
Кыргыз телевидениесинин алгачкы диктору 1959-жылдан 2010-жылга чейин 51-жыл бою Мамлекеттик телерадиокомитетте үзүрлүү эмгектенген.
Телевидениенин дикторунан тартып Мамлекеттик телерадио берүү комитетинин программалар директору, вице-президентине чейинки кызматтык жолду басып өткөн.
Ал мамлекеттик жана аймактык телерадио берүү системасында жетекчилик кызматтарды аркалап, улуттук телевидениенин өнүгүшүнө зор салым кошкон.
Тамара Кусеиновна көрүнүктүү инсан, таланттуу жана жогорку кесипкөй тележурналистика чебери болгон.
Ал улуттук телевидениенин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп, кыргыз телерадио журналистикасынын тарыхында жаркын жана кайталангыс из калтырды.
Ал СССРдин жана Кыргыз Республикасынын телевидение жана радиосунун отличниги болгон. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамоталары, «Даңк» медалы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер болгон. Ошондой эле бир нече китептердин автору.
Акыйкатчы Институтунун жамааты Тамара Кусеиновнанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Жамиля Жаманбаевага терең кайгыруу менен көңүл айтат. Сиздин кайгыңыздарды тең бөлүшүп, азаңыздарга ортоктошпуз.
Коштошуу зыйнаты 30-сентябрь күнү саат 10:00до Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 167