Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери СИЗО-1 барып Гульжан Шарипбаеванын абалы менен таанышышты

18/11/2023 - 21:57

Бүгүн, 18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери nazarnews.kg маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын камактагы шарттарына көз салуу үчүн СИЗО-1ге барышты.

 

Ал институттун кызматкерлерин көргөндө ыйлап, стресске кабылганын айткан. Ошону менен бирге үй-бүлөсүнө жеке жактоочуга муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн - тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ага мамлекеттик жактоочу берилген.

 

Маектешүү учурунда журналист өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирди.

 

Ал камактагы шарттарга нааразы болгон эмес. Аны менен бирге камерада мурда соттолбогон дагы үч аял бар. Ден-соолугу канааттандырарлык экенин жана эч кандай дары-дармектерге муктаж эмес экенин да айткан. Анын айтымында, ал болгон окуяга абдан кабатыр.

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева nazarnews.kg сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын ишин өз көзөмөлүнө алды.