Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери №2 аялдар абагына мониторингге барып келишти
КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери Чүйдөгү №2 аялдар абагына мониторингге барып келишти.
Тактап айтканда, институттун кызматкерлери журналист Махабат Тажибек кызы менен баарлашышкан.
Буга чейин, социалдык тармактарда Махабат Тажибек кызынын каты жарыяланган. Ал катка башка кармалгандар “өлтүрөм” деп коркутуп жаткандыктан, өз өмүрүнөн кооптонуп жатканын жазган.
Махабат Тажибек кызы Акыйкатчы Институтунун кызматкерлерине коркутуулар болгонун билдирди.
“Ооба, В. Лысенко тарабынан коркутуулар болгон. Ал нерселер мен абакка келген биринчи күдөрдө болгон. Ал мени өлтүрөм деп коркуткан. Азыр абактын жаңы жетекчиси тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Учурда, менин өмүрүмө коркунуч жаралбай эле. Андыктан, абактын кызматкерлерине жана соттолгондорго доом жок”, - деп жазган ал өз арызында.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери абактын жетекчилиги менен тиешелүү иш алып барышты.
Мекеменин жаңы жетекчиси Махабат Тажибек кызынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында, 13-февралда Лысенкону жалпы режимден катуу шарттагы кармоого (камералык типтеги жайга) которгонун маалымдады.