Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Адам укугунун сакталышы жөнүндө лекция окушту

24/11/2023 - 18:27

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Адам укугунун сакталышы жөнүндө лекция окушту.

2023-жылдын 24-ноябрында, Акайкатчы институтунун кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө», "Адам укуктарынын сакталышы" темасында ИИМдин Республикалык окуу борборундагы квалификациясын жогорулатуу курсунун угуучулар взводуна лекция окушту.  

Лекцияны Институттун укук коргоо органдары тарабынан эркиндиги чектелген жана ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмү Республикалык окуу борборунун жалпы укуктук тармактар циклынын окутуучулары менен биргеликте уюштурду. 

Анда Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу кеңири маалымат беришти. Иш-чаранын соңунда, катышуучулар уюштуруучуларга адам укуктары тууралуу бир катар суроолорду узатып, маектешүү болду. 

Бул иш-чара Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата уюштурулду.