Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 1-тергөө абагына мониторинг жүргүзүштү

18/12/2023 - 14:42

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы 1-тергөө абагына мониторинг жүргүзүштү.

Тергөө изоляторунда институттун кызматкерлери кармалгандардын, анын ичинде жарандык активист Афтандил Жоробековдун кармоо шарттары менен таанышты.

Мониторинг үчүн алар камераларды тандап киришти. Афтандил Жоробековдун камерасына кирген кезде алты адам кармалып турган, экөөнү иликтөө иштерине алып кетишкен, дагы экөө сейилде экени белгилүү болгон. Аталган камерада он адам жайгаштырылган болсо, ошол эле маалда камерага 8 керебет гана коюлган.

Мекеменин кызматкерлери кармалган эки адамды таңга маал алып келишкенин жана ушул эле күнү башка мекемеге этап кылышаарын маалымдашты.
Афтандил Жоробеков камерада болгон эмес, аны таза абага дем алууга алып кетишкен экен. Институттун кызматкерлери сейилден келгенден кийин аны менен сүйлөштү. Жоробеков кармоо шарттарына жана ден соолугунун абалына даттанган жок.   
Жоробеков ага карата кабыл алынган баш коргоо чарасына макул эместигин, буга байланыштуу анын жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз бергенин кызматкерлерге билдирди.

Ошондой эле кызматкерлер дагы бир жарандык активист Мелис Аспековдун кармоо шарттары менен таанышты.
Буга чейин Акыйкатчы институтуна аны ооруканага ден соолугун текшерүү үчүн жиберүү зарылдыгы жөнүндө арыз келип түшкөн, анткени Аспеков жүрөгү ооруп жатканын айткан.
1-тергөө абагынын кызматкерлери 21-декабрда жарандык активистти текшерүүдөн өткөрүш үчүн «Бикард» жеке менчик клиникасына жөнөтүшөөрүн билдиришти.