Акыйкатчы Институту өзүнүн аппаратынын дараметин балоодон өткөрөт

23/01/2025 - 09:56

КРнын Акыйкатчы Институту (Омбудсмени) өзүнүн аппаратынын дараметин балоодон өткөрөт. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык кеңсесинин, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Стамбулдагы аймактык кеңсесинин өкүлдөрү жана Адам укугун коргоо боюнча улуттук мекемелердин Азия-Тынч океан форумунун катчылыгынын жетекчиси менен өткөрүлгөн онлайн-конференцияда айтылды.  

Институттун ишине БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Адам укугун коргоо боюнча улуттук мекемелердин Азия-Тынч океан форумунун миссиясы баалоо жүргүзөт. Атайын топтун Кыргызстанга иш сапары 2025-жылдын март айында пландалууда. 
Жамиля Жаманбаева аталган иш чара институттун ыйгарым укуктарын күчөтүүгө багытталганын белгилеп, ага мекеме даяр экенин баса белгиледи.
“Биздин максат адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.  Ошону менен катары эле, башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын колдонууну маанилүү деп эсептейбиз”, - деди Акыйкатчы.
Жаманбаева институт “А” макамын алуу  үчүн бардык аракеттердин көрүп жатканын, бул Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо маанилүү экенин билдирди. Ал эми, Омбудсмендин дараметин баалоо чарасы бул макамга ээ болууга негиз болот. 

“2012-жылы Адам укуктары боюнча улуттук институттардын Глобалдык альянсы Кыргызстандын Акыйкатчы институтуна «В» макамын ыйгарган. Учурда «А» макамын алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондуктан, институттун көз карандысыздыгын жогорулатуу жана адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келүү зарыл”, - деп белгиледи Жаманбаева.
Адам укуктары боюнча улуттук мекемелердин дараметин баалоо – бул укук коргоо уюмдарынын, мекемелердин иш аракеттерин бекемдөөгө жана натыйжалуугун жогорулатууга багытталган иш чара.

2008-жылдан бери төмөнкү өлкөлөрдүн адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлдөрү жана омбудсмендери ишмердигине баалоо жүргүзгөн: Малайзия, Мальдив аралдары, Иордания, Таиланд, Монголия, Шри-Ланка, Австралия, Жаңы Зеландия, Филиппин, Непал, Бангладеш, Самоа, Индонезия, Оман, Бахрейн, Пакистан, Мьянма жана Индия.

Борбордук Азиядан Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Казакстандын Омбудсмендери ишин балоодон өткөрүшкөн. 

Белгилей кетсек, “А” статусу КРнын Акыйкатчысынын ишмердүүлүгү Париж принциптерине толук шайкеш келерин тастыктайт жана Адам укуктары боюнча эл аралык кеңештин бардык жыйындарына катышууга жана билдирүү жасоого укук берет.