Акыйкатчы Институту №16 түзөтүү мекемесинде соттолгондорду кармоо шарттарына мониторинг жүргүздү

27/08/2025 - 15:34

КРнын Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 мекемесинде соттолгондордон кабар алып келди. 

Институттун кызматкерлери ар дайым жабык мекемелерге мониторинг жүргүзүп келет. 

Кечээ, 26-август күнү институттун кызматкерлери  Чүй облусунун Беловодское айылында жайгашкан ЖАМКнын №16 мекемесиндеги соттолгондордун кармоо шарттарын текшерип, алардын укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүп келишти. 

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери буга чейин, аталган мекеме кармоо шарттары талаптарга жооп бербей турганын белгилеп, расмий кат жолдоп, көңүл буруу актыларын да жөнөткөн. 

Институттун кайрылууларын эске алуу менен аталган мекемеге масштабдуу реконструкция жүргүзүлүп, жаңы заманбап корпустар кылмыш-жаза аткаруу тутумунун эл аралык талаптарына жооп бергидей шарттар менен салынган. 

Мекеменин жалпы аянты 14,7 гектарды түзүп, 1400 адамга ылайыкташтырылган. 

Анын аймагында заманбап жатаканалар, жаза изолятору, медициналык корпус, мончо, сейилдөөчү аянтча, маданият  клубу, футбол, волейбол аянтчалары курулган. 
Андан сырткары соттолгондорду эмгекке тартуу багытында эмерек жасоочу цех, ширетүү, кирпич чыгаруу, навайкана ишке кирип, 300гө жакын  жумуш орду түзүлгөн.  

Мониторингдин жүрүшүндө мекемеде 844 соттолгон кармалып турганы маалым болду. 

Буга чейин, соттолгон 240 жарандын паспорту жок экени аныкталган. 

2025-жылы 90 соттолгон жаран паспорт алып, 150сүн да документтештирүү аракеттери жүрүп жатканы айтылды. 

Соттолгондор менен маектешүү жүргүзгөндө, кармоо шарттарына жана кызматкерлердин иш-аракеттерине даттануу болгон жок.