Акыйкатчы институту кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук жана кенже тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Конкурстка катышуу үчүн 2025-жылдын 28- августунан тартып 8-сентябрь күнү кошулуп (9:00-17:00) документтерди төмөнкү дарек боюнча алып келүү керек: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 120 дареги, каб. № 204 кадр бөлүмү, тел.: (0312) 66-32-97.
Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт.
Жеке арыз;
Жеке маалымат баракчасы (4х6 сүрөт менен);
Резюме (сүрөтү жана электрондук почтасы көрсөтүлүшү керек);
Автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек);
Баштапкы жана кошумча билимди тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
Эмгек стажы болгон учурда — эмгек китепчесинин акыркы иштеген жерден нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
Илимий даража жана наам ыйгарылгандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (эгер бар болсо);
Паспорттун көчүрмөсү;
Акыркы иштеген жерден сунуш кат.
Конкурстун толук шарттары-тиркелген файлда.
Дополнительные материалы:
