Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

07/11/2023 - 15:07

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен)  Джамиля Джаманбаева журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт.

“Урматтуу журналисттер!

Чын дилимден сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен - Кыргызстандын маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм.

Адам укуктары менен эркиндиктерин коргоп калууда ЖМКнын ролу зор мааниге ээ.

Анткени Жалпыга маалымдоо каражаттарынан улам адам укуктары бузулган учурларды коомчулукка жарыялап жана аларга укуктарын сактап калууга көмөк беребиз.

ЖМК адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо процесстеринде абдан чоң мааниге ээ болот – ЖМКга жарыяланган укуктары бузулган адамдар тууралуу маалыматтар коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, чечим чыгарууга же болбосо жагдайды жакшы жагына тездеткенге жардам берет.

Акыйкатчы институту бизге: институтутка, өкүлчүлүктөргө же менин жеке өзүмө кайрылган адамдардын маселелери менен суроолорун чечүүдө ЖМК менен ар дайым тыгыз иштешип келген.

Акыйкатчы институтунун ар бир кызматкери, жардам алган ар бир адам жана албетте, мен жеке өзүм адам укуктарын коргоого салым кошкон ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем.

Жалпыңыздарга кызыктуу сюжеттерди, долбоорлоруңуздардын өнүгүшүн, сөз эркиндигинин сакталышын, алардын баарын жеңил аткарыш үчүн күч-кубат каалайм!,-деп айтылат Акыйкатчынын куттуктоо сөзүндө.

Эскерте кетсек, буга чейин 1-ноябрда Акыйкатчы адам укуктарын менен эркиндиктерин коргоого кошкон салымы үчүн журналисттерге сыйлыктарды тапшырган.

Сыйлык тапшыруу аземи Акыйкатчы институнда болгон. Адам укуктары жана эркиндиктерин коргоого кошкон салымдары үчүн журналисттер Акыйкатчынын Ардак грамотасы жана калем саптар менен сыйланышкан.