Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева таштанды челектен табылган наристенин ишин жеке көзөмөлүнө алды

17/11/2023 - 15:08

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева таштанды челектен табылган наристенин ишин жеке көзөмөлүнө алды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына таштанды челектен табылган ымыркай тууралуу маалымат жарыялангандан кийин Акыйкатчы институттун кызматкерлерине баланын укуктарын коргоону камсыздоо тапшырмасын берди.

Институттун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик кызматтардан баланын абалы тууралуу маалымат алышты. Дарыгерлер берген маалыматка таянсак, бала шаардагы төрөт үйлөрүнүн биринде дарыланууда, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Мындан тышкары Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бул ишке шектүү А.С.ны милициялар кармаар замат 1-тергөө абагына барып, кармалган  аялдын кармоо шарттары менен таанышкан. Бирок кызматкерлер барган учурда ал ооруканага операция жасатуу үчүн кеткени белгилүү болгон.

Ооруканага барган Институттун кызматкерлери аял менен маектешти.

Ал өзүнүн версиясын айтып берди. Аялдын айтымында, баланы өзү эч кимдин көмөгү жок эле үйдөн төрөгөн. Кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырып жүргөн. Анын айтымында, катуу коркуп жана стресс абалында баланы таштанды челекке таштап салган.

Кылмыш жасоого шектүү аял баланын атасы ким экенин тууралуу маалыматты айтып берүүнү каалаган жок. Бирок баланын атасы ким экенин биле турганын айтты.

“Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат”,-деди ал.

Октябр райондук сотунун чечими менен 14-ноябрда А. С. сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды баланын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.