Акыйкатчы айымдарды 8-март майрамы менен куттуктайт

08/03/2025 - 11:10

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени)  Жамиля Жаманбаева 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. 

Жамиля Жаманбаева куттуктоосунда өлкөнүн аялдарына кайрылып, өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Урматтуу аялдар, санаалаштар, достор жана кесиптештер!

Сиздерди жаз менен кошо жаркырап кирип келген 8-март майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

 Бул күн сулуулук менен назиктиктин символу гана болбостон, аялдардын тең укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү үчүн күрөштүн маанилүүлүгүн эске салат.

Ар бир аял, ар бир кыз колдоону, камкордукту жана сүйүүнү сезип, коопсуздукта, ынтымакта жашашын каалайм.

Аялдардын укугун коргоо - Акыйкатчы Институтунун приоритеттүү багыты. Учурда, өзгөчө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана эрте никеге каршы чараларды бекемдөө менен, аялдардын коомдун бардык тармактарында иштеп, өнүгүүсүнө шарт түзүү маанилүү болуп турат. Бул маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын коом менен бирге аракеттениши абзел. 

Ар бириңиздердин өз укуктарыңыздарды жана эркиндиктериңиздерди тоскоолдуксуз жүзөгө ашырып, биздин өлкөдөгү аялдар коомунун өсүүсү үчүн билим алып, алдыга умтулуп, бийиктиктерди багынтырууңуздарга тилектешмин!  

Жаз сизге эргүү, үмүт жана жакшылык алып келсин! 

Сизге жана жакындарыңызга бакыт каалайм!”, - деп куттуктады Акыйкатчы.