Акыйкатчы аппараты Прокуратура органынын кызматкерлерине чара көрүүнү суранат

13/06/2018 - 10:12

Акыйкатчы институту үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Чүй облусунун тургуну Г.Ж. баласы Ж.Д.нын өлүмү тууралуу жана тергөөчүлөрдүн мыйзамсыз иш аракеттери боюнча арызын кароого жөнөткөн.

Ошондон бери тагыраак айтканда, 4 ай бою Башкы прокуратура белгисиз себептерден улам Акыйкатчы институтуна расмий жооп жөнөтө элек.

Акыйкатчы институту эске салуу иретинде кошумча каттарды март  жана апрель айларында жолдогон. Тилекке каршы эскертүү каттарга да эч кандай реакция кылынган эмес.

Ушуга байланыштуу Акыйкатчы Институту өз убагында расмий жооп бербеген кызматкерге жана аны көзөмөлгө албаган жоопту жетекчилерге карата катуу чара көрүлүүсү керек деп эсептейт.

“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы” жөнүндө мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик орган болуп эсептелинет.

Бирок, бул жагдайларды жана мыйзамдын талаптарын эске албаган айрым кызматкерлердин шалаакылыгынан улам, Кыргыз Республикасынын прокуратура органынын аброюн кетирип жатат.

Бул факты боюнча Акыйкатчы Институту Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Ө. Жамшитовго тийиштүү кызматкерлерге карата чара көрүү тууралуу кайрылуу жасады.