Ак калпак күнүңүздөр менен!

06/03/2025 - 11:11

5-мартта Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленди.

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун мырзалары бул күндү утурлай, ак калпак кийип келишти.

Элибиздин улуттук баалуу баш кийими болгон Ак калпак ар дайым мырзалардын башынан түшпөй, аздектелип, кийилип жүрсүн!

Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен 5-март - Ак калпак күнү деп расмий кабыл алынган.

Расмий эмес түрдө Ак калпак күнү 2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жатат.