Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү. Кыргызстанда кыйноолордун алдын алуу системасын күчөтүү чаралары талкууланды

10/12/2025 - 15:54

10-декабрда Бишкекте мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстанда кыйноолордун алдын алуу системасын күчөтүү чараларын талкуулашты.

Бүгүн Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата “Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алууга” арналган Улуттук диалог болуп өттү.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева бул иш-чара ачык талкууну, тажрыйба алмашууну жана Кыргызстанда кыйноолордун алдын алуу системасын мындан ары чыңдоо үчүн конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө болорун белгиледи.

“Кыйноолорду алдын алуу — бул мамлекеттин, улуттук институттардын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун жалпы жоопкерчилиги. Болгону биргелешкен аракеттер аркылуу гана биз натыйжалуу жыйынтыкты, ачыктыкты жана ырайымсыз мамиленин тобокелдиктерин туруктуу азайтууну камсыздай алабыз. Бүгүнкү иш-чарадагы эксперттердин, мамлекеттик органдардын жана укук коргоо уюмдарынын сунуштары кылдат изилденип, институттун ишмердүүлүгүндө милдеттүү түрдө эске алынат”, — деди Акыйкатчы.

Жыйындын жүрүшүндө улуттук превентивдик механизмдин ишмердүүлүгү, жабык мекемелерге көз карандысыз мониторингдерди жүргүзүүдө эл аралык-укуктук милдеттенмелер, ошондой эле кыйноолордун алдын алуу боюнча эл аралык тажрыйбалар талкууланды. 
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да катышып сөз сүйлөдү. 
Ал “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө”  мыйзамдын алгылыктуу иштеши үчүн Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттары менен улантыларын белгиледи. 
“Акыйкатчынын фукциялары кайталабаш үчүн Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор жоюлган. Өнөктөштөрүбүзгө ишенимдүү айта алам, Акыйкатчынын мандатын жана улуттук превентивдик механизмди күчөтүү боюнча иштер мурдагыдан да натыйжалуу улантылат”, – деди Байсалов.
Ошону менен катары эле, БУУнун туруктуу координатору Антье Граве, ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Реми Дюфло катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөштү. 
Ошондой эле БУУнун кыйноолордун алдын алуу боюнча Подкомитетинин төрага орун басары Элина Штейнерте, Кыйноолорго каршы Коалициянын Координациялык кеңешинин төрагасы Улугбек Азимов атайын баяндамасы менен тааныштырышты. 
Ал эми, Швейцариядан “Кыйноолордун алдын алуу ассоциациясынын” улук кеңешчиси Бен Баклэнд жана Улуу Британиянын Улуттук превентивдик механизминин жетекчиси Сэм Глюкштейн онлайн форматта катышып, атайын баяндамаларын сунушташты.

Иш-чараны жыйынтыктап жатып, Жамиля Жаманбаева бардык конокторго активдүү катышкандыгы жана адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институту жыл сайын 10-декабрда — Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күнгө карата — мамлекеттик органдарды, эл аралык уюмдарды жана жарандык коомдун өкүлдөрүн өлкөдөгү адам укуктары боюнча маселелерди талкуулоого чакырып, иш-чараларды уюштуруп келет. 
Ар жылы иш-чара белгилүү бир теманын алкагында өткөрүлүп, адам укуктарын коргоо жаатындагы маселелерге кененирээк көңүл бурууга багытталат.

Өткөн жылы талкуу гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарына арналган болчу.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 10 айында Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 613 мониторинг жана инспекция жүргүзүшкөн. Алсак, эркинен ажыратуу жана эркиндиги чектелген жайларга — 276, билим берүү мекемелерине — 124, аскер бөлүктөрүнө — 86, саламаттыкты сактоо жайларына — 51, социалдык стационардык мекемелерге — 42 жолу чыгышкан.

Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө же жарандардын арыздарын кароонун жыйынтыктары боюнча аныкталган укук бузууларга байланыштуу Акыйкатчы Институту мамлекеттик органдарга мыйзам бузуу фактыларын жоюу же күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө көңүл буруу актыларын жөнөтөт.

Алсак, жыл ичинде 128  көңүл буруу акты жөнөтүлүп, анын 102си (79,6%) аткарылган, 19у (14,8%) кароодо, 7 акты (5,4%) аткарылган эмес.

Эң көп көңүл буруу актылары Саламаттык сактоо министрлигине, ИИМге, билим берүү мекемелерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, сот органдарына жана башка мекемелерге жөнөтүлгөн.

Жарандардын укуктарын бузуу фактылары үчүн жалпы 51 кызматкер жана жабык мекемелердин кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган, алардын 10у — укук коргоо органдарынын кызматкерлери.