Жамиля Жаманбаева Москва шаарында Евразия омбудсмендер альянсынын жыйынында сөз сүйлөдү

17/11/2026 - 18:01

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Москва шаарында өткөн Евразия омбудсмендер альянсынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жаштар арасында интернет аркылуу деструктивдүү контенттин жайылышы, санариптик коркунучтар жана балдардын онлайн мейкиндиктеги укуктарын коргоонун натыйжалуу механизмдери талкууланды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда жаштарды санариптик коркунучтардан коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, санариптик жана медиасабаттуулукту системалуу өнүктүрүүнүн, мектептерде жана жогорку окуу жайларында алдын алуу иштерин күчөтүү керектигин айтып, ошондой эле жабыр тарткан адамдар үчүн укуктук коргонуу механизмдеринин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Деструктивдүү контентке каршы күрөшүү бир гана чектөөлөр жана жоопкерчилик чараларын колдонуу менен гана корголбошу керек. Жаштардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, өз ара сый-урматка негизделген баарлашуу маданиятын жана адам укуктары менен жеке ар-намыс реалдуу жашоодо да, интернет мейкиндигинде да сакталышы керектигин түшүнүүсүн калыптандыруу маанилүү», — деди Акыйкатчы.

Ошондой эле Жамиля Жаманбаева санариптик чөйрөдө балдардын жана жаштардын укуктарын коргоонун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн адам укуктары боюнча улуттук институттардын ортосунда тажрыйба алмашуунун маанисин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Акыйкатчы Институту тарабынан 2023-жылы аялдарга жана кыздарга карата интернеттеги зомбулук жана психологиялык басым боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарына токтолду.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, сурамжылоого катышкандардын 70 пайыздан ашыгы социалдык тармактарда басмырлоого туш болгон. Ал эми интернеттеги зомбулуктан жабыр тарткандардын 79 пайызы мындай көрүнүш алардын психологиялык жана эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизгенин билдиришкен.

Жыйынга Евразия омбудсмендер альянсына мүчө 11 мамлекеттин ичинен 9 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын соңунда Ирактын адам укуктарын коргоо институтунун жана Пакистандын Пенджаб провинциясынын Омбудсменинин Евразия омбудсмендер альянсына кошулуусу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.