Акыйкатчыга жаран сурак учурунда кыйноого кабылганына арызданып кайрылды
КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тергөө абагында кармалып турган жаранга медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө жана ага карата кыйноо колдонулгандыгы тууралуу арызы боюнча Стамбул протоколун түзүүгө көмөк көрсөтүштү.
2026-жылдын 9-октябрында Акыйкатчы Инстиутунун кызматкерлери Манас шаарындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 53 мекемесине (тергөө абагына) барышкан.
Мониторингдин жүрүшүндө карантиндик бөлүмдө кармалып турган жаран милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко кабылганын айтып даттанган.
48 жаштагы А.Т.Т. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жүзүндө кайрылып, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча шектелүүдө. Арыздануучу 28-сентябрда Сузак районунун Сары-Булак айылында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Арыздануучунун айтымында, түн ичинде аны Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) алып барышкан. Ал жерде ыкчам бөлүмдүн кызматкери сурак учурунда ага карата физикалык күч колдонуп, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөргө кол коюуга мажбурлаган. Арыздануучунун билдирүүсүндө, андан соң аны Октябрь айылдык бөлүмүнө (ПОМ) алып барып, ал жерде эки күн бою тамак-аш бербей кармашкан. 1-октябрда аны кайрадан Сузак РИИБине алып келишкен.
Ошондой эле арыз ээсинин билдирүүсүнө ылайык, 3-октябрда райондук ички иштер бөлүмүндө ага кайрадан зомбулук көрсөтүлүп, дубинка менен жамбашына жана башына, андан сырткары, кол менен кулак жана көкүрөк тушуна урушкан.
Жаран Акыйкатчыдан зомбулук көрсөтүү, денесине жаракат келтирүү, коркутуу жана адамдык ар-намысын кемсинтүү фактыларына укуктук баа берүүнү, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнгөн.
Кармалган жаран медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, анын жыйынтыгы боюнча Стамбул протоколу түзүлдү.
Акыйкатчы Институту жарандын кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге дуушар болгондугу тууралуу арызын текшерүү, анда айтылган фактыларга укуктук баа берүү жана мыйзамда каралган чараларды көрүү үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөттү