Акыйкатчы жогорку окуу жайларды жарандардын конституциялык укуктарын бузбоого чакырат

06/10/2026 - 10:04

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева жогорку окуу жайларды жарандардын конституциялык укуктарын бузбоого чакырат.

Акыйкатчы университеттер тарабынан жарандын өздүк документтеринин түп нускаларын күрөөгө алган учурлар кездешип жатканын, бул аракеттер мыйзамсыз экенин эскертет. Бул жарандардын билим алуу, эмгектенүүгө укуктарын бузуу болуп саналарын белгилейт.

Акыйкатчы жыл башынан бери мындай маселе боюнча үч кайрылуу келип түшкөн.

Алардын бири С.у.К. 2022-жылы Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) бюджеттик негизде окууга кабыл алынып, 2-курсту аяктагандан кийин, 2024-жылы академиялык өргүү алып, чет өлкөгө иштегени кеткен. 2025-жылы өз каалоосу менен окуудан чыгуу боюнча арыз берген. Бирок университет анын 2 жылдык окуу акысын төлөп берүүнү талап кылып, аттестатынын түп нускасын кайтарып берүүдөн баш тарткан.

Арыз ээси Германияда иштеп жаткандыктан, ал жакта окуусун улантуу үчүн аттестаты зарыл болгон.

Дагы бир жаран - У.С. 12 жылдан бери ОшМУдан дипломун ала албай жүрөт.

Арыздануучу 2014-жылы ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин «Саясат таануу» багыты боюнча магистратурага тапшырып, кабыл алынганда юриспруденция багыты боюнча дипломунун түп нускасын тапшырган.

Бирок, жумушка байланыштуу Бишкекке көчүп келип, университеттеги сабактарга бир да жолу катышкан эмес.

Ага карабай университет аны 2-курска өткөрүп, жарандан 1 жылдык окуу акысын төлөөнү талап кылып, дипломун кайтарып бербей коет.

Жарандардын кайрылууларынын негизинде Акыйкатчы Институту Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жана Ош Мамлекеттик Университетине расмий каттарды жолдогон.

Бирок министрлик да, окуу жай да жарандар финансылык карыздарын төлөгөндөн кийин гана документтери кайтарыларын билдиришкен. Алар бул чечиминде Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундар жөнүндө» жобосуна таянат.

Аталган жобого ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим алган студенттер жүйөлүү себептерсиз окуусун токтоткон учурда адисти даярдоого кеткен мамлекеттин чыгымдарын толтурууга милдеттүү.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева студент менен университеттин ортосундагы талаш жарандык-укуктук мүнөзгө ээ экенин белгилейт. Ал эми окуу жайдын чыгымдарды төлөтүү талабы финансылык милдеттенме болуп саналат.

Өздүк документтерди, анын катарында орто билим тууралуу аттестатты жана жогорку кесиптик билим тууралуу дипломду “Күрөө” тууралуу мыйзамдын 4-беренесине ылайык (“Жеке мүнөздөгү укуктар, анын ичинде эмгек акы, пенсия алуу укугу же жеке кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугу күрөө предмети боло албайт”) күрөө катары кармоого болбойт.

Акыйкатчы Институту окуу жайлардын аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы прокуратура жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук акт кабыл алынганын билдирген.

Жыйынтыгында эки жаран ОшМУдан өздүк документтерин алышты.

Ал эми үчүнчү арызда Бишкек шаарынын тургуну М.А. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы аттестатын бербей жатканына даттанган.

Арызда көрсөтүлгөндөй, жаран 2021-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына «Дарылоо иши» адистиги боюнча бюджеттик негизде кабыл алынган.
Бирок 2023-жылы окуудагы жетишпегендигине байланыштуу университеттен чыгарылган.

Акыйкатчы Институт жарандын кайрылуусунун негизинде Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына кат жолдогон.

Бирок, министрлик да окуу жай да мамлекет адисти даярдоого сарптаган чыгымды (70 353 сомду) төлөмөйүн жарандын аттестаты берилбей турганын билдирген.

Башкы прокуратурага окуу жайдын аракеттерине баа берүү өтүнүчү менен кат жолдоду.