Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты
19/09/2026 - 14:31
19-сентябрь күнү, КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун кызматкерлери "Улуттук тазалык күнү" жалпы республикалык ишембилигине катышты.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы жолдун жээгин тазалап, таштандыларды жыйнашты.
Институттун аймактагы өкүлчүлүктөрү дагы облустарда өткөн ишембиликке катышты.