Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Токмок менен Кара-Балтада абаны булгаган ишканаларга айып салынды
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылып, «Кара-Балта сууканалы» муниципалдык ишканасынын саркынды сууларды топтоочу жайынан жана «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы калдыктарды агызган жерден чыккан жагымсыз жытка даттанган.
Жарандын айтымында, жыт абаны булгап, жашоочулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Арыздануучуну анын коопсуз айлана-чөйрөгө жана ден соолукту сактоого болгон укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.
Бул боюнча Акыйкатчы Институту Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине кат жөнөтүп, арызда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштаган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында саркынды сууларды топтоочу жай жана «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасын абанын булгап жатканы ырасталды.
«Кара-Балта сууканалына» айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамын бузганы үчүн 28 миң сом айыппул салынды.
«Кара-Балта спирт заводу» менен түшүндүрүү иштери жүрүп, алар жыл аягына чейин абаны тазалоочу аппараттарды орнотмой болушту.
Ушундай эле көйгөй менен Токмок шаарынын тургуну да Акыйкатчыга кайрылган.
Ал үйүнө жакын жайгашкан автоунааларды техникалык тейлөө станциясы абаны булгап, анын балдарынын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканын айтып, укуктук жардам сураган.
Арызда көрсөтүлгөн жагдайлардын негизинде Акыйкатчы Институту тийиштүү мамлекеттик органдарга кат жолдоду.
Акыйкатчынын кайрылуусунун негизинде жооптуу мекемелер тарабынан комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында автосервис уруксатсыз иштеп келгени аныкталды. Натыйжада КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 209-беренесине (Мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартуу же талаптарын аткарбоо) ылайык 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан да өрт коопсуздугунун талаптарын сактабагандыгы аныкталып, мыйзамда каралган административдик чаралар көрүлүп, айып пул салынды.
Токмок шаарынын мэриясы автоунааларды техникалык тейлөө станциясынын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, аны башка жерге көчүрүү чечими кабыл алды.