Акыйкатчы жарандардын билим алуу укугун камсыз кылууга чакырат
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды жарандардын билим алууга болгон укуктарынын сакталышын камсыздоого чакырат.
Акыйкатчыга Бишкек шаарындагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти Ч.Х.нын апасы кайрылып, уулунун билим алууга болгон укугун коргоп берүүсүн суранган.
“Уулум Россиянын Сибирь Федералдык университетинен Кыргыз улуттук университеттин Юриспруденция факультетинин 2-курсуна которулуп келип, сессияларын тапшырып, контракттык төлөмдөрүн төлөп окуп жаткан учурда, окуу жайдын атайын комиссиясы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында “документтери талаптарга жооп бербейт” деген негизде окуудан чыгарып коюшту”, - дейт арыз ээси.
Ушундай эле көйгөй менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 4-5-6-курсунун 32 студентинен жамааттык кайрылуу келип түшкөн.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Акыйкатчы Институтуна берген маалыматына ылайык, окуу жайлар тарабынан Сибирь федералдык университетинен которулуп келген студенттер боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында Сибирь федералдык университетинен алынган расмий маалыматка ылайык, айрым жарандар, анын ичинде Ч.Х.да аталган университеттин маалыматтык системасында катталбагандыгы жана аларга окугандыгы тууралуу маалымкаттар берилбегендиги көрсөтүлгөн.
Студенттердин айтымында, Сибирь Федералдык университетинен Кыргызстандын жогорку окуу жайларына которулуп келип, контракттык негизде билим алып жатышкан. Окуу акыларын өз убагында төлөп, окуу программаларын калтырбай өздөштүрүп келишкен.
“Бизге дипломдук иштерибизди коргоого жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүүгө уруксат берилбей жатат. Ошону менен катары эле расмий чечимдер, текшерүүнүн жыйынтыктары менен да тааныштырылган жокбуз. Бизге психологиялык басымдар болуп, окуудан өз каалообуз менен кетүү тууралуу арыз жазууга түрткү болгон жагдайлар жаралууда”, - деп айтылат арызда.
Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Сибирь федералдык университетинен которулган студенттерге карата сотко чейинки текшерүү жана териштирүү иш-чараларын жүргүзүүдө.
Акыйкатчы Институту көрсөтүлгөн жүйөлөрдүн негизинде билим мекемелеринин чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерип, укуктук баа берүү менен студенттердин билим алууга болгон укуктарынын сакталышын көзөмөлдөп берүүнү өтүнүп Башкы прокуратурага кат жолдоду.
Ага улай эле, Акыйкатчы Институту Россиянын Адам укуктары боюнча Красноярск крайынын ыйгарым укуктуу өкүлү Марк Денисовго Сибирь федералдык университетинен билим алган кыргыз жарандары менен болгон жагдайга көмөк көрсөтүүнү суранып расмий кат жолдогон.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин чет өлкөлөдөн которулуп келген студенттерди кабыл алууда алардын документтеринин мыйзамдуулугун тыкыр иликтөөгө чакырат. Ал эми, студенттердин документтеринин мыйзамдуулугун текшербей кабыл алып, алардын бүтүрүү курсуна келгенде ара жолдо калышына жол берген кызматкерлерге карата укуктук баа берилиши керектигин белгилейт.