Акыйкатчы чет элдик жарандын укугун коргоду. Ал негизсиз төлөгөн айыппул кайтарылат

14/07/2026 - 10:28

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын жардамы менен Эстониянын жараны Андри Юджиндин укугу корголуп, негизсиз төлөгөн айып пулу кайтарылып берилмей болду. 

Чет элдик жаран Кыргызстанда административдик жоопкерчиликке тартылып, айыппул төлөгөн.  

Июнь айында Эстониянын жараны Андри Юджин КРнын Акыйкатчысына (Омбудсменине) кайрылган. 

Чет элдик жарандын айтымында, 2026-жылдын 21-апрелинде "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандан чыгып баратканда Мамлекеттик чек ара кызматы аны өлкөдөн чыгарбай койгон. Чек арачылар ага виза алуу керектигин айтышкан.

Андри Юджиндин айтымында, мамлекеттик органдар анын Кыргызстанда жүргөн убакытын туура эмес эсептешкен. 

"КР аймагында чет элдик жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык, Эстониянын жарандары үчүн "30/60" эрежеси колдонулат.

Андри Юджин акыркы 60 күн ичинде ал Кыргызстандан бир нече чыгып, кайра кирген. Ал арызында акыркы жолу өлкөгө 7-апрелде келгенин маалымдаган. 

"21-февралдан 21-апрелге чейинки мезгилди эсептесек, Кыргызстанда болгон күндөрүмдүн жалпы саны 19 күндү түздү. Демек, мен белгиленген 30 күндүк мөөнөттөн ашкан эмесмин. Бирок, ошого карабастан, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы виза жоктугун себеп кылып, мамлекеттик чек арадан өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө акт түзгөн", - деп белгилеген ал. 

Ал эми 2026-жылдын 24-апрелинде Бишкек ШИИБ тарабынан протокол түзүлүп, Андри Юджинди административдик жоопкерчиликке тартуу (КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү) жөнүндө токтом чыгарылып, 10 000 сом өлчөмүндө айып салынган.

Натыйжада, Андри Юджин Бишкекте тогуз күн кармалып, айыппул төлөп, электрондук чыгуу визасын алуу үчүн 9 000 сом кошумча чыгым тарткан. 

Чет элдик жаран арызында, миграция мыйзамдарын бузгандардын тизмесине киргизилип, ал анын Кыргызстанга кирүүсүнө тоскоол болоруна тынчсыздануусун билдирген. 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Андри Юджинди административдик жоопкерчиликке тартуунун негиздүүлүгүн текшерүүнү суранып, Башкы прокуратурага кат жөнөткөн. 

Жамиля Жаманбаева Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын катышуучусу экендигин, ага ылайык, мамлекеттин аймагында мыйзамдуу жүргөн ар бир адамга өлкөдөн эркин чыгып кетүү укугу кепилденерин эскертти. Бул укукту чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет, зарыл, пропорционалдуу жана жетиштүү укуктук негиздери болушу керек. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура Андри Юджин КРнын миграция мыйзамдарын бузбагандыгын аныктап, мамлекеттик чек арадан өткөрбөй коюу жана аны административдик жоопкерчиликке тартуу негизсиз деп тапты.  

Бишкек ШИИБдин эстониялык жаранды административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү токтому жокко чыгарылып, Андри Юджинге төлөнгөн айыппулду кайтарып берүү милдеттендирилди.