Акыйкатчы Институту соода түйүндөрүн майыптыгы бар жарандарды колдоп, социалдык бурч уюштурууга чакырат

02/07/2026 - 12:26

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту соода борборлорунун жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүн майыптыгы бар жана улгайган жарандарга өз продукцияларын сатууга жардам берүүгө чакырат. 

Акыйкатчы Институту дүкөндөрдө майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар тарабынан жасалган продукциялар коюла турган социалдык бурчтарды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайт. 

Көптөгөн социалдык стационарларда эмгек терапиясынын алкагында ийримдер жана чыгармачыл устаканалар өткөрүлөт. Анда интернаттын жашоочулары сувенирлерди жана башка буюмдарды колдо жасашат. Эмгек терапиясы аларга өз күч-аракетинин натыйжасын көрүүгө жана кошумча киреше алууга жардам берет. 

Бирок, буюмдардын сапаты жогору болгонуна карабастан, сатууга жер жок болгондуктан, стационарлар сейрек учурда гана кардарларды табышат. 

Институт ишкерлер бул демилгени колдоо менен, калктын аялуу катмарынын социалдык-экономикалык укуктарын камсыздоого колдоо көрсөтүу менен, аларды коомдук турмушка интеграциялоого да салым кошорун белгилейт. 

Мындан тышкары, бул инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө маанилүү кадам болуп, мамлекет, бизнес жана коом биргелешип социалдык маанилүү маселелерди кантип чече аларына оң үлгү боло алат. 

Кыргызстанда Саламаттык сактоо, эмгек жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча 17 социалдык интернат иштейт. Анда 2443 адам жашайт, анын ичинен 491и улгайган жана майыптыгы бар адамдар.