Акыйкатчы ата-энелереди жана тиешелүү мамлекеттик органдарды жайкы эс алуу учурунда балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева ата-энелереди жана тиешелүү мамлекеттик органдарды жайкы эс алуу учурунда балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Акыйкатчы ата-энелер балдардын коопсуздугун камсыздоого, алардын бош убактысына көңүл бурууга жана жашы жете электерди кароосуз калтырбоого милдетүү экенин эскертет.
Ошону менен катары эле, Жамиля Жаманбаева КРнын «Балдар жөнүндө» кодекстин 17-беренесине ылайык, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана коргоо мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети экенин белгилейт.
Акыйкатчы кырсыктан каза болгон балдардын ата-энелерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкө боюнча 41 адам сууга чөгүп каза болгон, алардын 13ү балдар.
Акыркы бир жума аралыгында эле Чүй облусунда эки жаш бала сууга чөгүп каза болуп, ал эми Таласта дарыясына түшүп кеткен 15 жашар өспүрүм бир жумадан ашык убакыттан бери изделүүдө.
ӨКМнын Талас облусундагы башкармалыгынын маалыматына ылайык, өспүрүм сууга түшкөн Чоң-Токой айылындагы аймакта түшүүгө тыюу салган же кооптуу экенин эскерткен белгилер болгон эмес.
“Өтө кайгылуу окуя. Балдардын коопсуздугун камсыз кылууга болгон аракеттериди көрүшүбүз керек. Ата-энелерди балдардын бош убактысына көңүл кош болбоого чакырам”, - дейт Жамиля Жаманбаева.
Ошону менен катары эле Акыйкатчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине калктуу конуштарга жакын дарыянын жээктерине жана суу сактагычтардын бойлоруна орнотулган сууга түшүүнүн кооптуулугун эскерткен белгилерди көбөйтүүнү сунуштайт. Ал эми жашы жете электер менен иш алып барган кызматкерлерге ата-энелерге жана балдарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Андан тышкары Акыйкатчы Ош облусунда жумуш учурунда кырсыктап каза болгон өспүрүмдүн өлүмүн тынчсыздануу менен кабыл алды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Акыйкатчы Институтуна берген маалыматына ылайык, өспүрүм калаадагы Токтогул сейил багындагы кафелердин биринде иштеп жатып кырсыктап каза болгон. Милициянын айтымында, видео байкоолордогу жазууларда бала кафенин темир чатырын кармагандан кийин жерге кулап түшкөн. Алдын ала маалыматка ылайык, өспүрүмдү ток урган.
Ош ШИИБ учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын жана бардык зарыл экспертизалар дайындалганын маалымдады.
Акыйкатчы жашы жете электерди жумуш менен камсыздоодо зарыл болгон коопсуздук чараларын кылдат кароого жана тиешелүү мамлекеттик органдарды бул окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөгө, мындай кайгылуу окуялардын кайталанышына жол бербөөгө чакырат.
Жамиля Жаманбаева балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана коргоо КРнын Конституциясы менен бекитилгенин жана бул Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгилейт.
Эске сала кетсек, Акыйкатчы Институту 2024-жылы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында мониторинг жүргүзүп, олуттуу кемчиликтерди аныктаган.
Изилдөөнүн жыйынтыгында сурамжылоого катышкан 1 214 окуучунун 70тен 100 пайызга чейинкиси көлмөлөрдө, дарыяларда жана башка сууларда өзүн коопсуз алып жүрүү эрежелери туурасында маалыматы жок экени аныкталган.
Комплекстүү мониторингдин жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеш 2024-жылдын 30-майында тиешелүү токтом кабыл алып, Министрлер Кабинетине балдардын өмүрүнүн коопсуздугун милдеттүү түрдө камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берген.