Акыйкатчы Анкарада кармалган кыргыз жараны боюнча Түркиянын Башкы Омбудсменине кайрылды

16/06/2026 - 11:32

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева  Түркия Республикасынын Башкы Омбудсмени Мехмет Акаржага Анкара шаарында кармалган кыргыз жараны Эрмек Сабыржанов боюнча кат жолдоду.

Белгилей кетсек, 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда, 2026-жылдын 22-майында Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан кармалган.

Эрмек Сабыржановдун жакындары Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушуп, укугун коргоп берүүнү суранышкан. 

Жамиля Жаманбаева Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде Мехмет Акаржадан кыргыз жаранынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү. 

“Кармалган жарандын жакындары бүгүнкү күнгө чейин кармоонун негиздери жана жагдайлары боюнча маалымат ала албай, кабатыр болуп жатышат. Адвокат аркылуу жолугушуу уюштуруудан дагы жыйынтык чыккан эмес”, - деп кайрылды Акыйкатчы.

Ошону менен катары эле, Жамиля Жаманбаева Тышкы иштер министрлигине  Эрмек Сабыржановдун жакындарына консулдук-укуктук жардам керектигин белгилеген кат жолдоду.