Акыйкатчы Институту абактагы өспүрүмдөргө интеллектуалдык таймаш өткөрүп, балдарды майрамы менен куттукташты

29/05/2026 - 17:48

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту Ысык-Ата районундагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 мекемесинде Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иш чара өткөрдү. 

«Баланын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү: жаратуу, өнүктүрүү жана ийгиликтүү келечек»  аталышындагы иш чарага Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, аталган мекеме – Кыргызстандагы өспүрүмдөрдү тарбиялоочу жалгыз абак. Анда учурда 26 жашы жете элек тарбиялануучу бар. 

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарбиялануучуларга  квиз өткөрдү. Өспүрүмдөр таймашка активдүү катышып, мыйзам, укук жана башка тармактарды камтыган суроолорго жооп беришти. Жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылды. 

Абактагы балдар конокторго майрамдык кече даярдап, энелерге арналган ырларды окуп, үй-бүлөсүнө болгон кусалыгын билдиришти. 

Акыйкатчынын орун басары өз сөзүндө балдар ар дайым мамлекеттин камкордугунда экенин белгилеп өттү. 

“Бүгүн биз силер менен тарбия берүүчү мекемеде жолугуп жатабыз. Ар бир адам турмушунда ката кетириши мүмкүн. Бирок эң маанилүүсү — ошол катадан сабак алып, алдыга туура жол менен умтулуу. Силердин ар бириңердин өзгөрүүгө, билим алууга, коомдо өз ордуңарды табууга толук мүмкүнчүлүгүңөр бар”, - деди Айчүрөк Назаралиева. 

Иш чаранын соңунда абактагы шарт менен таанышып, балдар менен баарлашуу болду.  

Мекеменин жетекчилигинин маалыматында, окуу китептердин, өзгөчө кыргыз тилиндеги көркөм адабияттар жетишпейт.