Таластагы жатак-мектептерде бузууларга жол берген кызматкерлерге сөгүш берилди

21/05/2026 - 12:00

Акыйкатчы Институтунун Таластагы 2 жатак-мектепке мониторингинин жыйынтыгы менен жооптуу кызматкерлер тартиптик жазага тартылды. 

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту 15-апрелде Талас облусунун Айтматов районунундагы Т. Бабанов атындагы жана Манас районундагы “Улукман” жатак-мектептеринде окуучулардын жашоо шарттары, тамак-ашы жана окуу процессин текшерип чыккан.

Анда “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талапка” жооп бербеген бузуулар аныкталган.

Анын негизинде Талас облусунун Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана Токтогул Бабанов атындагы жатак-мектептин директоруна кызматтык милдеттерин аткарууда кетирген кемчилиги үчүн “сөгүш” берилгенин маалымдады. 

Акыйкатчы Институту балдардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоо чараларын көзөмөлдөө максатында мектеп-интернат жана башка мекемелерге мониторинг жүргүзүүнү улантат.

Буга чейин институттун кызматкерлери Бишкектеги М. Абдраев музыкалык окуу жайын текшеришкен.