Европа парламентинин депутаттары Акыйкатчы Институтунун кеңсесине келишти

18/05/2026 - 09:47

Европарламенттин Кыргызстан боюнча туруктуу баяндамачысы Начо Санчес Амор баштаган делегация, депутат Кристин Вигенин жана Европа  Биримдигинин өлкөдөгү элчиси Реми Дюфлонун коштоосунда  КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. 

Тараптар адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелерин, анын ичинде улуттук превентивдик механизмдин функцияларын ишке ашырууну, жабык мекемелерде мониторингди күчөтүүнү, конституциялык мыйзам кабыл алынгандан кийин Акыйкатчы Институтунун ыйгарым укуктарын кеңейишин, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы чараларды талкуулашты.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы Институт  эл аралык жана аймактык укук коргоо уюмдары менен активдүү кызматташууну улантып жатканын белгиледи. 

Акыйкатчы акыркы үч жылда институт тарабынан адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган  иш-аракеттер күчөтүлүп, мамлекеттик органдарга берилген сунуштамалардын аткарылышы бир кыйла жакшырганын айтты. 

“Мурда сунуштамалардын аткарылышынын деңгээли 13 пайызды түзчү. Ал эми акыркы үч жылда, 2023-жылдан тартып бул көрсөткүч 79 пайызга чейин өстү. Ошону менен катары эле жарандардын кайрылууларынын саны да көбөйүүдө. 2026-жылдын алгачкы төрт айында Институтка түшкөн кайрылуулардын саны 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 34 пайызга өстү, бул коомдук ишенимдин жогорулап жатканын көрсөтөт”, — деди Акыйкатчы.

Начо Санчес Амор Кыргызстанда өлүм жазасын кайра киргизүүгө каршы ачык позициясы үчүн Акыйкатчыга ыраазычылык билдирип, институттун макамын бекемдөөнү колдоорун билдирди. 

“Азыркы учур адам укуктарын коргоо ишмердүүлүгү менен алектенгендер үчүн оңой эмес мезгил. Ошондуктан эл аралык байланыштарды жана кызматташууну күчөтүү зарыл. Менин оюмча, парламент баяндамасын жактырбаган учурда Акыйкатчыны кызматтан бошотуу нормасы институттун көз карандысыздыгы принциптерине туура келбейт. Укук коргоочулар көп учурда татаал жана ыңгайсыз маселелерди көтөрүшөт”, — деп белгиледи Начо Санчес Амор

Европарламенттин депутаттары Акыйкатчы Институтунун жабык мекемелерге мониторинг жүргүзүү ишин жогору баалашты.

Акыйкатчы белгилеп өткөндөй,  2026-жылдын биринчи  үч айында институттун кызматкерлери  тергөө абактарына, убактылуу кармоо жайларга жана абактарга 80 текшерүү жүргүзүшкөн.