Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери көзү азиз балдар үчүн атайын жатак мектебине мониторинг жүргүздү
Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун кызматкерлери Бишкектеги көзү азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жатак мектебине инспекциялык текшерүү жүргүздү.
2026-жылдын 29-апрелинде социалдык тармактарда аталган жатак мектепте шарттар талапка жооп бербегендиги тууралуу маалымат таркаган.
Институт ыкчам текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында мекемеде көрүү боюнча майыптыгы бар балдардын жашоосу жана билим алуусу үчүн тийиштүү шарттар жок экенин аныктады.
1939-жылы курулган имарат эскилиги жетип, балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылган эмес.
Окуу жана жашоо шарттары минималдуу стандарттарга жана санитардык шарттары талаптарга жооп бербейт.
Андан сырткары, майыптыгы бар балдар үчүн керектүү (анын ичинде тактилдик) жабдуулары жок.
Эскерте кетсек, Акыйкатчы Институту буга чейин, 2025-жылдын октябрь айында, республика боюнча майыптыгы бар балдар үчүн 13 атайын мектеп-интернатында мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгында ушундай эле системалуу көйгөйлөр аныктап, Министрлер Кабинетине тиешелүү сунуштар жөнөтүлгөн.
Кайра текшерүүнүн жыйынтыгында аталган мекеменин материалдык техникалык базасы боюнча өзгөрүүлөр болбогондугун көрсөттү.
Ушуга байланыштуу Акыйкатчы Институту Министрлер кабинетине кайрадан кайрылып, ыкчам чараларды көрүүгө чакырат.