Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Караколдогу тергөө абагына жана Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларындагы убактылуу кармоо жайларына барышты
КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Караколдогу тергөө абагына жана Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларындагы убактылуу кармоо жайларына барышты.
21-апрелде институттун кызматкерлери барган учурда Караколдогу тергөө абагында 114 адам кармалып турган. Алардын жетөө аял, төртөө - жашы жете элек бала жана үчөө - чет элдик жаран.
Кармалып тургандардын ичинен 49 адамдын иши сотто каралууда, ал эми 26 адам абакка которулууну күтүүдө.
Тергөө абагындагылар кармоо шарттарына даттанышкан жок. Камералардын санитардык абалы канааттандырарлык, жумасына эки жолу тазаланып турат. Тамак-аш күнүнө үч маал берилет.
Мониторинг учурунда калктын аярлуу катмары болгон аялдар жана жашы жете элек балдарга өзгөчө көңүл бурулду.
Ал эми тергөө абагында 24 жаштагы Ж.Р. үч айлык ымыркайы менен отурат. Анын иши сотто каралууда.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын декабрь айында Ж.Р. кош бойлуу кезинде жактоочусу аркылуу Акыйкатчыга ден соолугуна тынчсызданып кайрылган.
Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен ал кийинки күнү эле толук текшерүүдөн өтүүгө жана дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу үчүн Караколдогу төрөт үйүнө которулган. Ал төрөгөндөн кийин ымыркайы менен тергөө абагындагы жалпы камерага киргизилген. Акыйкатчы кайра кайрылуусунан кийин, аял ымыркайы менен өзүнчө камерага которулуп, суу жылыткыч орнотулуп, балага манеж коюлду.
Ж.Р.га жана жактоочусуна БУУнун Токио эрежелерине ылайык, анын бөгөт чарасын эркинен ажыратууга байланышпаган чарага алмаштыруу өтүнүчү менен сотко кайрылуу сунушталды.
Тергөө абагына мониторинг учурунда өзбек жараны М.А.К. тергөөчүнүн аракеттерине даттанды.
Ал эми Россиянын жараны Б.В.В. экстрадиция маселеси боюнча жана жаза мөөнөтүн өтөп буткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыгууга көмөк сурап кайрылды. Молдованын жараны К.П. мамлекеттик жактоочунун иш-аракетине даттанды.
Чет элдик жарандардын даттануулары кароого алынды.
Институттун кызматкерлери 22-апрелде Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы убактылуу кармоочу жайларына да барышты.
Мониторинг учурунда Чолпон-Атадагы убактылуу кармоочу жайында 10 адам болгон, алардын ичинен 1 жашы жетет элек өспүрүм. Ал эми, Балыкчыдагы убактылуу кармоочу жайда 8 жаран кармалып турган, алардын бирөө аял киши.
Текшерүү учурунда алар кармоо шарттарына жана кызматкерлердин иш-аракеттерине даттанган жок.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери кыйноолордун алдын алуу улуттук механизминин алкагында мажбурлап кармоо жайларына жана жарандардын укуктарынын сакталышына мониториг жүргүзүүсүн улантат.