Акыйкатчы: Жабык жайларда кармоо жарандардын ар-намысын кемсинтүү же ырайымсыз мамиле менен коштолбоого тийиш
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева кыйноолорго каршы чара көрүү иштеринин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын атайын кабыл алуу жайына барды.
Мониторинг жүргүзгөн 10-апрель күнү атайын кабыл алуучу жайдын 24 камерасында 56 адам (53 эркек, 3 аял) кармалып турган.
Акыйкатчы бир катар камераларга кирип, кармалган жарандар менен баарлашты.
Жарандар санитардык-гигиеналык шарттарга даттанышты. Алардын айтымында санитардык түйүндөр тазаланбагандыктан, камераларга жагымсыз жыт келип турат. Ошону менен катары эле аларга самын, даарат кагазы берилбейт.
2026-жылдын 1-январынан тартып атайын кабыл алуу жайы аркылуу жалпысынан 2064 адам өткөрүлгөн. Алардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулукка, бейбаштык жана мас абалында тиешелүү документтери жок унаа башкаргандар.
Акыйкатчы атайын кабыл алуу жайынын жетекчисине камераларада санитардык тазалоону өз убагында жүргүзүүнү жана зарыл гигиеналык каражаттар менен камсыз кылууну сунуштады.
“Кармоо шарттарынын жана гигиеналык каражаттардын жоктугу бир гана техникалык кемчилик эмес, КРнын Конституциясында жана эл аралык келишимдерде бекитилген адам укуктарынын бузулушуна алып келет” , — деди Жамиля Жаманбаева.
Ошондой эле Акыйкатчы жабык жайларда жарандарды кармоо ар-намысын кемсинтүү же ырайымсыз мамиле менен коштолбоого тийиш экенин баса белгиледи.
Акыйкатчы улуттук алдын алуу механизми мажбурлап кармоо жайларына болгон мониторингдерди мындан ары да улантарын, ал эми аныкталган мыйзам бузуулар жоюлбаган учурда мыйзамда каралган чаралар, тиешелүү көңүл буруу актылары жөнөтүлөрүн эскертти.