Ысык-Көлдө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн укук коргоо улуттук институттарынын кеңешмесин өткөрүү пландалууда

09/04/2026 - 15:14

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин айым менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Жамиля Жаманбаева Омбудсмендин мандаты чет өлкөдөгү мекендештердин укуктарын коргоону да камтый турганын белгилеп, ага байланыштуу институт эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. 

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы Институту Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин укук коргоо улуттук институттарынын кеңешмесин уюштурууну  демилгелеп жатканын кабарлады. 

“Биз ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо улуттук институттарын ушул жылдын июнь айында Ысык-Көл жээгине чакырууну көздөп жатабыз. Мындай форматтагы алгачкы жолугушуу тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты өркүндөтүүгө жана биргелешкен чечимдерди кабыл алууга жакшы мүмкүнчүлүк болот деп ойлойм. Учурда бул демилге уюмга мүчө өлкөлөр тарабынан колдоого алынып, эксперттик деңгээлде талкууланууда”, - деди Акыйкатчы. 

Акыйкатчы бул демилгени ишке ашырууда элчи айымдан колдоо көрсөтүүнү өтүндү. 

Элчи Лю Цзянпин айым Акыйкатчы Институтунун демилгесин колдоорун билдирди. 
Ал Кытайда адам укугун коргоо боюнча атайын мамлекеттик орган жок экенин, бирок башка бул жаатта иш алып барган өкүлдөр катыша аларын кошумчалады.

Лю Цзянпин айым эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый жакындыкка, өз ара урмат-сыйга жана коңшулук мамилелерге негизделген кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыктар экенин айтты.