Кыргызстан эл аралык аренада позициясын бекемдейт: укук коргоо институтунун жогорку статусун алууга даярдык башталды
Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун өкүлдөрү Женевада өткөн Адам укуктары боюнча улуттук институттардын глобалдык альянсынын (GANHRI) жыл сайын өтүүчү жыйынына катышты.
Жыйынга 90 өлкөнүн улуттук укук коргоо мекемелеринин, БУУнун түзүмдөрүнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Анда санариптик мейкиндикте адам укуктарын илгерилетүүдө жана коргоодо улуттук укук коргоо институттарынын ролун талкуулашты.
Иш сапардын алкагында Акыйкатчынын орун басары – Кыйноолорду алдын алуу борборунун башчысы Жанибек Жоробаев эл аралык өнөктөштөр менен бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү.
Адам укуктары боюнча улуттук институттардын глобалдык альянсынын төрайымы Амина Буаяч жана Азия-Тынч океан форумунун төрайымы Самар Хадж Хасан менен эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү. Мындан тышкары, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын, Глобалдык альянстын аккредитация боюнча подкомитетинин, БУУнун Кыйноолордун алдын алуу боюнча подкомитетинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык өнөктөштөргө Акыйкатчы Институнун мандатын кеңейтүү жана ыйгарым укуктарын күчөтүү багытында жүргүзүлүп жаткан институционалдык реформалар тууралуу, ошондой эле “А” макамын алуу үчүн арыз берүү процессин баштоо ниети жөнүндө маалымат берилди.
Белгилей кетсек, “А” макамы – бул улуттук укук коргоо институтунун ишмердүүлүгүнө берилген эң жогорку эл аралык баа болуп эсептелет жана институттун БУУнун Париж принциптерине толук шайкештигин тастыктайт.
Женевадагы жолугушуулардын жыйынтыгында БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен туруктуу кызматташуу боюнча, ал эми Азия-Тынч океан форуму менен документтерди даярдоодо жана арыз берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишилди.
Эл аралык өнөктөштөр “КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” жаңы конституциялык мыйзамдын кабыл алынганын жогору баалашты. Анын негизинде Кыйноолорду алдын алуу борбору түзүлүп, укук коргоо институтунун ыйгарым укуктары күчөтүлгөнү туурасында маалымат берилди.
Ошондой эле Кыргызстанда кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук превентивдик механизмди өнүктүрүүнүн жана кеңейтүүнүн маанисин өзгөчө баса белгилешти.
“Женевага болгон иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын жетишкендиктерин тааныштыруу менен бирге, “А” макамын алууга даярдыктын алкагында эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болду. Бул адам укуктарын бекемдөөгө жана өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатууга багытталган маанилүү кадам”, — деп белгиледи Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев.