2025-жылы 816 жаран Акыйкатчыга соттук отурумдарда укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган

19/03/2026 - 10:51

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева сот органдарына жарандардын сот адилеттигине жетүүсүнө шарт түзүүгө жана сот өндүрүшүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууну сунуштайт. 

Акыйкатчы Институту 2025-жылы жарандардан түшкөн кайрылуулар жана соттук отурумдарга жүргүзүлгөн мониторингдерди талдап чыгып, бир катар көйгөйлөрдү аныктады. 

Алардын негизгиси болгон соттук отурумдардын кечигип башталышы жана белгиленген күнү өтпөй, бир нече жолу кийинкиге жылдырылылышы системалуу көйгөй бойдон калууда. 

2025-жылы Акыйкатчы Институтуна сот өндүрүшүндө  укуктарын коргоо өтүнүчү менен жарандардан түшкөн арыз-даттануулардын саны 816ны түздү. 

Арыздардын басымдуу бөлүгүндө жарандар сот чечимине макул эместигин билдиришкен. 

Сот органдарынын карамагында турган маселелер боюнча укуктук консультация сурап 57 жаран кайрылган. Ал эми алимент өндүрүүгө байланыштуу 56 арыз түшкөн. Дагы 35 кайрылууда судьялардын аракеттерине жана аракетсиздигине даттануулар болгон. 
19 арыздануучу сот чечимдеринин аткарылбай жатканын айтып, сот аткаруучуларынын аракеттерине баа берүүнү өтүнүшкөн. 

Жыл ичинде 572 сот процессине мониторинг жүргүзүлдү. 

Алардын 57,8 пайызы (342) кылмыш иштерине, 32,9 пайызы (193) жарандык иштерге, 9,6 пайызы административдик иштер боюнча соттук териштирүү болгон. 

Кайрылууда көрсөтүлгөндөй, жарандар көбүнчө соттун ачыктыгын жана иштин мыйзам чегинде каралышын камсыз кылуу максатында Акыйкатчы Институтунан сотко мониторинг жүргүзүп берүүнү өтүнүшөт. 

Мониторингдин 61,3 пайызы (350 мониторинг) биринчи инстанцияда (райондук) соттордо каралып жаткан ишке жүргүзүлгөн. 

Талдоо көрсөткөндөй, Акыйкатчы Институту мониторинг жүргүзгөн ар бир экинчи соттук отурум белгиленген убакыттан кеч башталган. 270 сот отурумунун ичинен 112си (41,5 %) башка күнгө жылдырылган.

Бул сот органдарынын уюштуруу иштериндеги кемчиликтерди көрсөтүп, сот өндүрүшүнүн создуктурулушуна жана жарандардын сот адилеттигине жетүү укугун чектөөгө алып келет.

Сот процесстеринин үзгүлтүккө учуроосунун негизги себептери катары судьялардын бошобой жаткандыгы, процесстин катышуучуларынын келбей калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Айрым учурда сот залы да бошобой калат. 

Жамиля Жаманбаева аталган кемчиликтерди жоюу боюнча Жогорку Сотко сунуштарды жөнөттү. 

Анда соттук отурумдардын графигинин сакталышына көзөмөлдү күчөтүп, иштерди создуктурбоо үчүн убагында кароо, соттук отурумдарды жылдыруунун себептерине талдоо жүргүзүп, аларды жоюу боюнча чараларды көрүү сунушталат. Андан сырткары, бардык сот залдарын аудио жана видео жазуу каражаттары менен толук жабдуу зарылдыгы айтылат.