Акыйкатчы БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясына катышууда
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын делегациясынын курамында БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясына катышууда.
Делегацияны Минситрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп, комиссиянын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан 70-сессиясынын ачылыш аземине катышты.
70-сессия бул жолу аялдардын жана кыздардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгү жана анын ишке ашырылышын камсыздоого багытталды.
Кыргызстандан барган делегация бир катар талкууларга катышат. Алардын катарында “Гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана улуу муундагы аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” , “Аялдарга жана кыздарга карата болуп жаткан зомбулук” темалары бар.
Мындан тышкары, аялдардын коомдук турмушка жана маанилүү чечимдерди кабыл алуу процесстерине толук жана натыйжалуу катышуусу боюнча диалог өтөт.
Сессиянын алкагында кыргыз делегациясы аялдардын укуктарын илгерилетүүгө арналган бир катар иш чараларды жана презентацияларды өткөрөт.
Ал эми БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана “БУУ-Аялдар” уюмунун аткаруучу директору Сима Бахус бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө бир дагы өлкө толук тең укуктуулукка жетише электигин билдирди.
2025-жылы Акыйкатчы Институтуна укуктук жардам сурап 49 аял кайрылган, алардын 29у үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандыгы тууралуу билдиришкен. Ошондой эле балдардын укуктарынын бузулушу боюнча 36 арыз түшкөн. Мындан тышкары, 56 аял алимент өндүрүү маселеси боюнча Акыйкатчыдан укуктук жардам сурап кайрылган.