Акыйкатчы Институту менен Кыргыз-Орус Славян университети кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
Акыйкатчы Институту менен Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети укук коргоо жаатындагы билимди өнүктүрүү максатында кызматташат.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева менен Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Сергей Волков кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Меморандумга ылайык, эми студенттер Акыйкатчы Институтунан тажрыйба өтө алышат. Мындан тышкары, институттун кызматкерлери менен КРСУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда маалыматтык, аналитикалык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды.
Эки тараптуу кызматташууга кол коюу аземинен кийин, Акыйкатчы окуу жайдын юридикалык факультетинин 4-курсунун студенттери менен жолугушту.
Жамиля Жаманбаева студенттерге укуктук өлкөнү өнүктүрүүдө жаштардын, айрыкча болочоктогу юристтердин салымы чоң экенин белгиледи.
“Акыйкатчы – бул мамлекеттик органдар менен жарандардын ортосундагы көпүрө. Анын күчү – мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн чара көрүү актыларында. Акыйкатчы Институтунун тарыхында биринчи жолу өткөн жылы жөнөтүлгөн чара көрүү актыларынын 68 пайызы аткарылган. Бир жыл ичинде Акыйкатчы Институтуна болжол менен 10 миңге жакын жаран кайрылат. 2025-жылы “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык закон кабыл алынып, ыйгарым укуктарыбыз кеңейтилди. Биз өзгөчө макамга ээ болгон беш мамлекеттик органдын катарына киребиз”, - деди Жамиля Жаманбаева.
Студенттердин суроолору орундуу жана ар тараптуу болду. Алар соттолгондордун укуктарын коргоо, жеке менчикке болгон укук, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эске алуу менен чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын абалы тууралуу суроолорду беришти.
Ошондой эле студенттер диний экстремисттик топторго азгырылып барып алып, чет өлкөлөрдөн келе албай калган аялдарга Акыйкатчы кандай жардам бере алары тууралуу суроо беришти.
“Акыйкатчы жарандардын укуктарын өлкө ичинде гана эмес, чет жакта да коргойт. Аялдардын жана балдардын укуктары өзгөчө көзөмөлдө турат. Мисал катары айта кетсем, мекендештерибизге чет өлкөдөн мекенине кайтып келүүгө жардам берген бир нече учурлар болгон”, — деп жооп берди Акыйкатчы.
Активдүү студенттер Акыйкатчы Институтуна жумушка орношууга кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле, Жамиля Жаманбаева институттун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу айтып берип, өзгөчө аялдардын жана балдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган жарандардын укуктарын коргоого артыкчылыктуу багыты экенин айтты.
Студенттердин укуктарын коргоо да көңүл сыртында калбай турганын белгиледи.
КРСУдан окуу акысынын жогорулашына байланыштуу эки кайрылуу түшкөнүн маалымдады.
Акыйкатчы жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө жардам берген мисалдарды келтирди.
Ал Акыйкатчы Институтунун башкы максаты — адилеттүүлүктү камсыз кылуу экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Жамиля Жаманбаева студенттерди Акыйкатчы Институтуна экскурсияга чакырды.
Ал эми, студенттер кызыктуу маек үчүн ыраазычылык билдиришти.