Майыптыгы бар аялдарга бирдей мүмкүнчүлүк жана жеткиликтүү чөйрө түзүлсө алардын потенциалы мындан да ачылат
Майыптыгы бар аялдардын укугун коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты гана эмес өлкөнүн эл аралык милдеттемелеринин бири болуп саналат.
Бул туурасында КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева “Майыптыгы бар аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик” аталышындагы иш-чарада билдирди.
Иш-чараны Акыйкатчы Институту менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги биргелешип алдыда келе жаткан аялдардын Эл аралык күнүнө карата уюштурду.
Жамиля Жаманбаева майыптыгы бар аялдардын эрктүүлүгүн жана аракетин баалап, жаралган тоскоолдуктарга карабастан коомдук турмушка активдүү катышып, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жатканын айтты.
“Майыптыгы бар аялдар көпчүлүк учурда басмырлоого дуушар болушат. Бул билим алууга, жумуш менен камсыз болууга, саламаттык сактоого, инфраструктурага жеткиликтүүлүккө, ошондой эле маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышууга таасирин тийгизет. Ага карабастан алардын жетишкендиктери көрсөтүп тургандай, эгер бирдей мүмкүнчүлүк жана жеткиликтүү чөйрө түзүлсө алардын потенциалы мындан да ачылат”, — деди Жамиля Жаманбаева.
Акыйкатчы жыл сайын майыптыгы бар адамдардын укуктарынын сакталышына баа берүү максатында институт тарабынан мониторингдер жүргүзүлуп турарын маалымдады.
Изилдөө майыптыгы бар адамдардын сот адилеттигине жетүү укугуна, саламаттыкты сактоо, билим алуу, социалдык жардам алуу жана эмгек укуктарынын камсыздалышына байланышкан маселелерди камтыды.
2025-жылы Акыйкатчы Институтуна укуктары бузулган 74 майыптыгы бар адамдан арыз, даттануу келип түшкөн.
Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө салым кошкон майыптыгы бар көрүнүктүү аялдардын тарыхы тааныштырылды. Бул маалыматтар “Аялдардын лидерлиги — доорду өзгөрткөн 100 жыл” аталышындагы улуттук медиа кампаниянын алкагында чогултулуп, документтештирилип жана жарыяланып келет.