Акыйкатчынын Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын жыйынтыгы: ондогон кайрылуулар кабыл алынып, укуктук кеп-кеңештер берилди

13/02/2026 - 18:06

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаеванын аймактарга болгон иш сапары уланууда. 

11-12-февраль күндөрү Акыйкатчы Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушту. Алгач жолугушуу Бостери айылында, анан Балыкчы шаарында болду. Акыйкатчы менен жолугушууга облустун ар кайсы райондорунан 200дөн ашуун адам келди. 

Белгилей кетсек, быйыл эл менен жолугушуулар облустун борборлорунда эмес, райондордо, анын ичинде алыскы калктуу конуштарда өткөрүлүүдө.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  кызматкерлери эми Бостери айылында да жарандарга укуктук жардам көрсөтө алат.  Буга чейин өкүлчүлүктүн кеңсеси Каракол шаарында гана жайгашкан. 

“Кошумча кеңселердин ачылышы жарандардын укуктары бузулган учурда ыкчам кайрылууга, укуктук кеп-кеңеш алууга шарт түзүп, калк менен болгон өз ара аракеттенүүнү күчөтөт. Биздин максат укугу бузулган ар бир жаранга жардам көрсөтүү жана алардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү”, — деди Акыйкатчы.

Келген жарандар  бир катар социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү. Ал эми жаш үй-бүлөлөр турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүнү же Мамлекеттик Ипотекалык компания аркылуу турак жай менен камсыздоого көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Майыптыгы бар балдардын ата-энелери да олуттуу көйгөйлөрүн  айтышты. Алар аймакта реабилитациялык борбордун жоктугуна, ошондой эле логопеддердин, дефектологдордун жетишсиздигине жана инклюзивдүү билим берүү үчүн шарттар каралбагандыгына нааразычылыгын билдиришти. Алардын айтымында, мындай жагдайлар балдардын дарылануусун, билим алуусун жана коомго кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү балдарды Бишкек шаарындагы “Келечек” реабилитациялык борборуна жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришти.

Балыкчы шаарынын мэри учурдагы иштеп жаткан борбордун шарттарын жакшыртууга убада берди. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган борбор кышкысын суук жана балдар үчүн тар болуп жаткан. 

Ошондой эле муниципалитет логопеддер, педагогдор жана дарыгерлер отура турган өзүнчө имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү пландап жатканын айтты. 

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунда майыптыгы бар 3890дой бала жашайт.

Мындан тышкары, тургундар пенсиялардын жана социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүнү, ошондой эле үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилүүчү “көмөктүн” тартибин кайра карап чыгууну суранышты. 
Азыркы учурда мындай төлөмдөр бийик тоолуу жана чек ара аймактарында жашаган тургундарга гана каралган.

Бактуу-Долоноту айылынын тургундары экологиялык укуктары бузулуп жатканына даттанышты. Алар айылдагы таштанды таштоочу жай жашоочулардын ден соолугуна зыян келтирип жатканына нааразы болушуп, экологиялык жагымдуу чөйрөдө жашоо укугун коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Ошондой эле, жарандар турак жайды мыйзамдаштырууда жаралган көйгөйлөрүн айтышты. Айрым үй-бүлөлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери барак тибиндеги үйлөрдө жашап, өздөрүнө мыйзамдаштыра албай келишет. Бул жагдай алардын бой жеткен балдарына паспорт алууга жана социалдык кызматтардан пайдалануусуна тоскоол болуп келет. 
Адистер муниципалитеттин дареги боюнча каттоого турчу убактылуу чечимдер бар экенин түшүндүрүштү.

Ошону менен катары эле, балдарды эмдөөчү вакциналардын  сапатына көңүл бурууга жана терс таасир берген учурда дарыгерлердин жоопкерчилигин кароо сунушун айтышты. 

Акыйкатчы жергиликтүү бийликке эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуштады.

Ал эми, мугалимдер менен дарыгерлер аларга карата басым көрсөтүлгөн учурлар көбөйүп жатканы  тууралуу билдиришти. Алардын айтымында, интернет айдыңында жалган маалыматтардын тарашы алардын кесиптик аброюна доо кетирүүдө.

Мындан тышкары, тургундар эмгек акылардын төмөндүгүнө жана турак жайды ижарага алуу бааларынын жогору экенине нааразы болушту.

Балыкчы шаарынан улгайган тургуну микрокредиттик компания менен болгон насыя талашын чечүүгө жардам сурады. Анын айтымында, карызын толугу менен төлөгөнүнө карабастан, компания анын пенсиясынан каражат кармоону улантууда.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында 15тен ашуун жазуу түрүндө кайрылуу кабыл алынып, 27 жаранга оозеки укуктук кеңештер берилди.

Жамиля Жаманбаева ар бир айтылган кайрылуу жана жазылган арыз боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн ал эми, айрым маселелер боюнча мамлекеттик органдарга сунуштамалар жөнөтүлөрүн белгиледи.

“Укук Кербени” иш-чарасы ПРООНдун колдоосу менен өткөрүлүүдө.