Акыйкатчы чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоо борборунда укук бузууларды аныктады

15/01/2026 - 10:03

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева  Чүй облусундагы Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борборунун (мурдагы “Ганси” аскердик базасынын) шартына жана кармалгандардын  укуктарынын сакталышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. 

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды “КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамынын талаптарын аткарууга жана институттун кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук түзбөөгө чакырат. 

Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институнун кызматкерлерине аталган борбордун аймагына кирүүгө эки ирет тоскоолдук түзүлгөн. 

Акыйкатчы муну “КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзамын түздөн-түз бузуу катары баалайт. Аталган мыйзамда Акыйкатчы Институтунун кызматкерлерине мажбурлап кармоо жайларына бөгөтсүз кирүүгө уруксат берилип, алардын милдеттерин аткарууга тоскоолдук жараткандарга жоопкерчилик каралган. 

Акыйкатчы Институту жабык жайларга мониторинг жүргүзүүгө тоскоолдук - андагы укук бузууларды жашыруу аракети катары бааланарын белгилейт. 

Институттун кызматкерлери 2025-жылдын 28-октябрында чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө барып, борборго кире алышкан эмес. 

Аталган факт боюнча акт түзүлүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 

Аскер прокуратурасы мыйзам бузууларды жоюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын  дарегине сунуштама киргизген. Анын негизинде мыйзам бузууга жол берген жооптуу кызматкер тартиптик жазага тартылды. 

Ошондон кийин гана, 2025-жылдын 3-ноябрында Акыйкатчы Институтуна борбордо мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, чет өлкөлүк жарандарды кармоо шарттарында жана алардын укуктарынын сакталышында олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Мониторинг учурда борбордо 160 адам кармалып турган. Борбордун санитардык-гигиеналык шарттары канааттандырарлык эмес абалда. Имараттын ичиндеги дааратканалар жабык болуп, короого үч биотуалет орнотулган.

Борбордун имараты эки блоктон туруп, анда жылытуу системасы жок болгондуктан төрт бөлмөсү гана кондиционерлер менен жылытылат. Ал эми, калган бөлмөлөрдөгү кондиционерлер иштен 
 чыккандыктан, имараттын көпчүлүк бөлүгү суук.

Борбордун короосунда жайгашкан душ кабиналары болсо убактылуу, колдо жасалган конструкция түрүндө курулган.

Ошондой эле, борбордун штатында ашпозчу болгонуна карабастан,  чет өлкөлүк жарандар тамак-ашты өздөрү сыртта даярдайт. Бул мекеменин жооптуу кызмат адамдары кармалгандарды туура жана коопсуз тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарбаганын көрсөтөт.

Мындан тышкары, кармалгандарда туугандары, адвокаттары жана котормочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүк жок. 

Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесин, ошондой эле «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 13-1-беренесин бузуу болуп саналат. Аталган мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар да квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу.

Акыйкатчы Институту мониторингдин жыйынтыгы боюнча аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүү сунушу менен Министрлер Кабинетине расмий кайрылуу жөнөткөн.

2025-жылдын декабрь айында борбордо кармалган чет элдик жарандын жактоочусу кайрылып, институттун кызматкерлери кайра барышкан. Бирок, институттун кызматкерлерин бул жолу да киргизүүдөн баш тартышып, контролдук-өткөрмө пунктунда кошумча уруксат талап кылынган.

Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө кайрадан тоскоолдук көрсөтүлгөндүгү боюнча акт түзүлүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Омбудсмен Ички иштер министрлигин институттун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылган кызматкерлерге чара көрүүнү жана Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борборунун ишинин ачыктыгын камсыздоого чакырат.