Акыйкатчы Институту аймактагы өкүлчүлүктөрүнүн иштөө шарттарын жакшыртууда
Бүгүн, 19-декабрда Акыйкатчы Институтуна кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаеванын катышты.
Акыйкатчынын Президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунан кийин, институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында автоунааларды сатып алууга 9 миллион сом бөлүнгөн.
Каныбек Туманбаев Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын тапшырды.
Аталган автоунаалар өлкөнүн 6 облусундагы Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.
“Бүгүн кызматтык автоунааларды алуу – бул борбордук аппаратта да, аймактарда да ишибизди күчөтүү үчүн маанилүү кадам. Бүгүн тапшырылып жаткан автотранспорт жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, көчмө иш-чараларды кеңейтүүгө жана өлкөнүн бардык аймагында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, - деди Акыйкатчы.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институту аймактарда адам укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу максатында өз өкүлчүлүктөрүнүн иштөө шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда.
Бул багытта материалдык-техникалык база бекемделип, кеңселери оңдолуп, аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясы жогорулатылууда.