Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкектеги Тергөө абагына барды

17/12/2025 - 12:12

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Бишкектеги № 21 мекемесине (СИЗО-1) барды.

Акыйкатчы тергөө абагынын кармоо шарттарына жана анда кармалган жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү. Жамиля Жаманбаева аялдар корпусундагы 19 камерананын баарына кирип, кармалгандардын дээрлик баары менен баарлашты. 

Алардын айрымдары Акыйкатчы менен жеке сүйлөшүүнү каалагандыктан Жамиля Жаманбаева 12 аялды өзүнчө кабыл алып, укуктук консультация берип, арыздарын алды. 

Жеке кабыл алууга келгендердин баары Тергөө абагындагы эки аял кызматкери аларды ар дайым коркутуп, орой мамиле жасаганына даттанышты. Айрымдары туугандары менен байланышууга жол берилбей жатканын айтышты. 

Камактагылардын көпчүлүгү мекеменин медициналык бөлүмүнүн ишине нааразычылыгын билдиришти. Алардын айтымында,  медициналык жардам кечигип көрсөтүлөт, кээде баш тартып, карабай коюшат. 

Аялдардын көпчүлүгү кылмыш ишин тергөө жана сотто кароо узакка созулуп жатканына тынчсызданышат. Андан тышкары,  шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу укуктарынын бузулганын айтышты. 

Кылмыш ишине шектелип абакта олтургандардын айрымдарынын жактоочулары жок, же адвокаттары менен керектүү учурда  байланыша алышпайт. 

Аялдар балдары менен жолугушуу убактысын узартууну суранышты, анткени кыска мөөнөттүү кездешүүдө  балдары менен жетиштүү сүйлөшүп, сагынычтарын тарката алышпайт. Учурда балдары туугандарынын камкордугунда же балдар үйлөрүнө жайгаштырылган. 

Абакта бир аял 1,5 жаштагы баласы менен олтурат. Ага кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыктан №2 мекемеден тергөө абагына которулган.

Акыйкатчы тергөө абагынын жетекчилигин баланын укуктарын коргоого жана тиешелүү шарттарды түзүүгө чакырды. 

Жамила Жаманбаева түшкү тамактануу учурунда аялдарга берилген тамак-аш менен дагы таанышты.

Тергөө абагында чет элдик жарандар дагы кармалууда. Өзбекстандык аял Акыйкатчыга аны экстрадициялоо процедурасын тездетүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. Анын айтымында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны мекенине которуу жөнүндө чечимди 14-ноябрда эле чыгарган. Бирок которуу иштери кечигип жатат. 

Ал эми Россиянын жараны балдары менен телефон аркылуу байланышууга уруксат алууга жана тергөөчү менен жолугушууга барып келүүгө жардам берүүнү суранды.

Жыл башынан бери Акыйкатчы институтунун кызматкерлери СИЗОго 71 жолу барып, камактагы аялдардан 21 арыз алышкан.

Ошол эле күнү Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев СИЗО-1дин эркектер корпусуна мониторинг жүргүздү. Ал камакка алынгандардын көпчүлүгү менен баарлашып, алардан арыздарды кабыл алды. 

Келип түшкөн арыздар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, аларды кароонун жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарга сунуш жана кат жөнөтүлөт.

СИЗО-1де 129 аял, 1514 эркек кармалууда.

Акыйкатчынын мониторингинин жыйынтыгы боюнча,  Тергөө абагынын жетекчилигине жарандардын укуктарын камсыз кылуу жана Конституция менен кепилденген укуктардын бузулушуна жол бербөө боюнча сунуштар берилди.