Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүндө аялдардын жана кыздардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгү талкууланды

16/12/2025 - 16:45

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Айчүрөк Назаралиева Ташкентте өткөн “Борбор Азиядагы аялдар жана кыздардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгү: Укуктук негиздерди жана институттар аралык мамилени бекемдөөгө” арналган конференцияга катышты.

БУУ-Аялдар түзүмү менен Өзбекстандын Сенаты уюштурган иш-чарада гендердик теңчилик жана сот адилеттүүлүгүнүн маселелери талкууланды. 

Кыргызстандан жыйынга Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. 

Анда Айчүрөк Назаралиева Кыргызстанда аялдардын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтты. 

“Кыргызстанда алиментке байланыштуу мыйзамдарга өзгөрүүлөр киргизилди. Анда алимент төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү, ата-энелердин жана балдардын укуктары кеңейтилди”, - деди Акыйкатчынын орун басары. 

Мындан тышкары, ал “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” мыйзамга киргизилген маанилүү өзгөртүүлөрдү белгиледи. Анда “куугунтуктоо (преследование)” деген түшүнүк киргизилип, камакка алуу мөөнөттөрү узартылганы, коргоо чаралары кеңейтилген айтып өттү. 

Айчүрөк Назаралиева коомдук жайлардагы ыдыкка (харассмент) каршы мыйзам долбоору иштелип жатканын дагы маалымдады. 
Ошону менен катары эле Айчүрөк Назаралиева Ташкентте өткөн Гендердик зомбулукту жоюу боюнча Борбор Азия Альянсынын жыйынына да катышты.
Жолугушуунун катышуучулары гендердик маселелерге багытталган мекемелерди түзүү, жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана аларды коргоону күчөтүү, мыйзамдардагы дискриминациялык нормаларды жоюу жана башка маселелерди да талкуулашты.