Акыйкатчы КМШ өлкөлөрүн экологиялык коркунучтардын алдын алууга биргеликте аракеттенүүгө чакырды
Минск шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин Адам укуктары боюнча комиссиясынын V жыйынында КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева “Климаттык өзгөрүүнүн шартында таза, дени сак айлана-чөйрө – адам укуктарынын сакталышынын кепилдиги” туурасында баяндамасын жана Адам укуктарын сактоо индексин иштеп чыгуунун жыйынтыктары менен тааныштырды.
Жыйында 14 маселе талкууланды. Алардын катарында жасалма интеллектти пайдалануу доорунда адам укуктарынын корголушу, БУУнун билим берүү жаатында адам укуктары боюнча Дүйнөлүк программасы, “Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн статусу” тууралуу мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү талкууланды.
Жамиля Жаманбаева өз баяндамасында жарандардын экологиялык укуктарын коргоодо улуттук укук коргоо институттарынын ролу барган сайын өсүп жатканын белгиледи.
“Мөңгүлөрдүн тездик менен эриши, жер тилкелеринин бузулушу, абанын булганышы аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө чоң коркунуч жаратууда. Ошондуктан таза сууга, медициналык жардамга, маалыматка, коопсуз турак жайга болгон жеткиликтүүлүктү камсыздаган социалдык багыттагы климаттык саясат зарыл”, - деди Акыйкатчы.
Ошондой эле Акыйкатчы экологиялык коркунучтардын алдын алууга багытталган мониторинг системасын түзүү үчүн регионалдык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын жана климаттык өзгөрүүлөр менен күрөшүүдө биргеликте аракеттүү керектигин белгиледи.
Мындан тышкары, Акыйкатчы КМШ өлкөлөрүндө адам укуктарынын сакталышынын индексинин методологиясынын О.Кутафин атындагы Илимий-билим берүү борбору менен чогуу иштелип чыккан жыйынтыгын сунуштады.
Адам укуктарынын абалын баалоого мүмкүндүк берген бул инструмент Акыйкатчынын демилгеси менен комиссиянын 2024–2025-жылдарга карата иш планына киргизилген.
Акыйкатчы аймактарда адам укуктарынын сакталышын баалоого бирдиктүү ыкманы калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул маалыматтардын ачыктыгын жана жарандардын укуктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Белгилей кетсек, баяндамага жана Адам укуктарынын индексинин методологиясын иштеп чыгууга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин тажрыйбасы камтылган.
Комиссиянын мүчөлөрү индекстин методологиясын жактырышты.
Комиссиянын учурдагы төрайымы, Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Кыргызстан тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө жогору баа берди.
“КМШга мүчө мамлекеттериндеги жаштардын укуктарынын сакталышы жөнүндө” доклады менен Өзбекстандын Омбудсмени Феруза Эшматова чыгып, билим берүү, жумуш менен камсыз кылуу жана саламаттыкты сактоо тармактарында жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанисин белгиледи.
Армениянын Адам укуктарын коргоо боюнча өкүлүнүн орун басары Владимир Оганнесян жасалма интеллектти пайдалануу доорунда адам укуктарын коргоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
Жыйындын алкагында Жамила Жаманбаева Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен мигранттардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулады. Жолугушууга Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси Эрбол Султанбаев да катышты.
КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын кийинки VI жыйыны да 2026-жылдын апрель айында Минск шаарында өтө турган болду.