Акыйкатчынын орун басары майыптыгы бар жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында аймактарды кыдырды

21/11/2025 - 17:22

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) орун басары Айчүрөк Назаралиева майыптыгы бар жарандардын укуктарынын коргоо жана алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында аймактарда жолугушууларды өткөрдү.

Нарын, Ысык-Көл  жана Талас облустарында өткөн калк менен жолугушууга Акыйкатчы Институту, Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы, жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Анда майыптыгы бар адамдардын күнүмдүк жашоодо туш болуп жаткан курч көйгөйлөрү талкууланды. 

Алсак, аутизм белгилери бар балдар үчүн адистештирилген реабилитациялык борборлордун жоктугу, жалпы реабилитациялык кызматтардын жетишсиздиги жана адистешкен борборлордун аздыгы айтылды. Андан сырткары, майыптыгы бар жарандардын ипотекалык турак жай программасына катышуусуна,  инклюзивдүү билим жана мамлекеттик кызматтарды алуусуна болгон тоскоолдуктар жөнүндө сөз болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер боюнча бир катар сунуштар да киргизилди. Алардын ичинде:

• 5 жылда бир берилүүчү санатордук-курорттук дарыланууга жолдомону өз убагында ала албай калган жарандарга компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү;

• бала чагынан майыптыгы бар, 18 жашка толгон жарандарды Бишкек шаарына медико-социалдык экспертизадан өтүүгө жөнөтпөстөн, тескерисинче, эксперттик комиссияны жеринде чыгып кароо жүргүзүү форматында иш алып баруусу.

 

Жолугушуулардын жыйынтыгында көтөрүлгөн көйгөйлөр, сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий түрдө жөнөтүлдү.

Иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана “Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду.