Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери улгайган аялды карылар үйүнө жайгаштырууга жардам берди
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери улгайган аялды Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нижне-Серафимовка айылындагы карылар жана майыптыгы барлар үчүн социалдык стационардык мекемедеге жайгаштырууга жардам берди.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага 74 жаштагы Б.А.И. аттуу жаран карылар үйүнө жайгаштырууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аял өз арызында инсульттан кийин денесинин бир тарабы кыймылдабай калгандыктан, ар дайым башка бирөөнүн камкордугуна муктаж экенин жазган. Ал паспорту жок болгондуктан социалдык жана медициналык жардам ала албай келген.
Анын жакын туугандары да жок болгондуктан, Бишкек шаарында М.Е.В.нын үйүндө убактылуу баш калкалап, Акыйкатчыга кайрылуусуна да курбусу жардам берген.
Арыз ээсинин айтымында, өздүгүн тактаган документтерден анын колунда 1974-жылы Түркмен ССРи берген паспорту эле калган. Ал Кыргызстандын аймагына 1983-жылы келип, 1996-жылы кыргыз жарандыгын алган. Бирок, советтик үлгүдөгү паспортун өз убагында алмаштыра албай калган.
Белгилей кетсек, ченемдик-укуктук актыга ылайык, эгерде инсандын туруктуу жашаган жери жок болсо, жаран жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык дареги боюнча каттоого алынат.
Институттун кайрылуусунан кийин Свердлов району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Б.А.И.ни Нижне-Серафимовка айылындагы карылар жана майыптыгы барлар үчүн үй-интернатына жайгаштыруу багыттама берген.
Ал эми Свердлов райондук акимиаты кыргыз паспортун алууга көмөк көрсөтүп, чыгымдарын өз мойнуна алды.
Учурда, Б.А.И. үй-интернатында жашап, зарыл болгон бардык социалдык кызматтарды алып жатат.