«Эне үйү» борборунда БУУнун Бала укуктары боюнча Конвенциясынын күнү белгиленди

19/11/2025 - 09:48

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Балдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын кабыл алынган күнүнө карата уюштурулган иш чарага катышты. 

“Эне үйү” борборунда өткөн иш чарада кыргыздын ымыркайга жана эне-балага камкордугуна байланышкан салт-санаасы театрлаштырылып көрсөтүлдү. Анда “бешикке салуу” каадасы да чагылдырылды. 

Жамиля Жаманбаева балдардын жана аялдардын укугун коргоо анын приоритеттүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи. 

 “Бул күндү эне-баланын бирге болуусуна жана коопсуз шартта жаңы жашоону баштоого мүмкүнчүлүк алган “Эне үйү” борборунда белгилеп жатканыбыз өзгөчө маанилүү. Баланын үй-бүлөдө жашап, өсүү укугу – башка бардык укуктардын башаты. Эч бир интернаттык мекеме эненин мээримин жана атанын камкордугун алмаштыра албайт. Канча оор кырдаал болбосун, эне менен бала бирге болушу керек. Акыйкатчы Институту зарыл учурда аялдарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүүгө дайым даяр”, - деди Акыйкатчы. 

Акыйкатчы Институту «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фонду жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен жыл сайын интернаттык мекемелерге мониторинг жүргүзүп келет. Изилдөөнүн максаты үй-бүлөнү колдоо формаларын өнүктүрүү жана социалдык жетим балдардын пайда болушун алдын алуу болуп саналат. 

Эскерте кетсек, борбор жаңы төрөлгөн ымыркайы бар аялдарды кабыл алат. Эне жана бала бул жерде алты айга чейин жашай алышат. Аларга турак жай менен бирге психологиялык жана укуктук жардам, документтерин калыбына келтирүү, ишке орношуу жана социалдык адаптация боюнча жардам көрсөтүлөт.

Борбордун негизги максаты — баланы энеси менен бирге болуусуна шарт түзүү, балдар үйүнө жана интернаттарга түшкөн балдардын санын кыскартуу.