Жамиля Жаманбаева Баку шаарында өткөн эл аралык конференцияда сөз сүйлөдү

14/11/2025 - 09:37

Кыргыз Республикасынны Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Баку шаарында өткөн «Заманбап укуктук системаларда Конституция жана мыйзам үстөмдүгү» аттуу эл аралык конференцияда сөз сүйлөдү. 

Азербайжандын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада ар кайсы өлкөлөрдүн укук коргоо улуттук институттарынын жана конституциялык сотторунун өкүлдөрү заманбап тенденциялардын шартында конституциялык баалуулуктарды жана адам укуктарын талкуулашты. 

Акыйкатчы өз сөзүндө Кыргызстанда конституционализмдин калыптанышынын тарыхы жана мыйзам үстөмдүгүнүн принциптери тууралуу айтып берди.

«Эгемендик өлкөнүн аймагы же экономикалык көрсөткүчтөрү менен гана эмес, адам укуктарынын корголушунун деңгээли менен дагы өлчөнөт. Конституция жана мыйзам үстөмдүгү – адилеттүү коомдун негизин түзгөн ажырагыс түшүнүк», - деп белгиледи Жамиля Жаманбаева. 

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту мындан ары да мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого салымын кошуп, жарандардын укукка жана мамлекетке болгон ишенимин бекемдөө багытында ишин улантарын кошумчалап өттү. 

Акыйкатчы ошондой эле институттун жасаган иштер тууралуу маалымдады. 

Ал 2025-жылдын тогуз айында эле Омбудсмен Институтуна жарандардан 6600дөн ашык кайрылуу түшкөнүн айтты.  

«Кайрылуулардын мындай масштабы жарандардын Омбудсмен Институтуна болгон жогорку ишениминен жана адамдын укуктук коопсуздугун чыңдоо боюнча тынымсыз иштин маанилүүлүгүнөн кабар берет», - деп баса белгиледи Жамиля Жаманбаева.