Акыйкатчы Институту жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында Жети-Өгүз дарылоо-реаблитациялык борборунун директорунун орун басарына айып салынды

13/11/2025 - 12:45

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды жарандардын ден соолугун коргоо укугун камсыздоого жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө чакырды. 

Акыйкатчы Институнун кызматкерлери ВИЧ жана туберкулез илдетине кабылган жарандардын укуктарынын сакталышына көз салуу максатында Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз республикалык дарылоо-реаблитациялык борборуна мониторинг жүргүзүштү. 

Мониторингдин жүрүшүндө бейтаптардын укуктары бузулган учурлар аныкталды.

Оорукананын азык-түлүк сактоочу кампасынын имараты эскирип, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей. Анын ичи ным тартып, шыптары жана дубалдары көгөрүп кеткендиктен азыктардын бат бузулуп, колдонууга жараксыз болуп калуусуна шарт түзөт. 

Андагы муздаткычта 2 килограммдан ашуун мөөнөтү өтүп кеткен эт азыктары табылды. 

Азыктар коюлган текченин жанында чычкан, келемиштерди ууландыруучу дарылар турган. Мындай уулуу заттарды азык-түлүккө жакын жерде сактоо кооптуу жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербейт. 

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамына ылайык (57-беренесинин 1-бөлүгү) Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын жана алар менен байланышта болгон материалдарды, буюмдарды өндүрүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда адамдын ден соолугуна зыян тийгизбей, Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө тийиш.

Акыйкатчы Жети-Өгүз республикалык дарылоо-реаблитациялык борборундагы бейтаптардын ден соолукка болгон укуктарын камсыздоого жана жогоруда аныкталган мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарына тиешелүү чара көрүүнү сунуштап, Саламаттык сактоо министрлигине жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине кат жолдоду.

Анын жыйынтыгында Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз республикалык дарылоо-реаблитациялык борборунун директорунун орун басары административдик жазага тартылып, 5000 сом өлчөмүндө айып салынды жана кампа кызматкерине эскертүү берилди. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги мониторинг учурунда аныкталган кемчиликтер четтетилгенин кабарлады.