Акыйкатчы Институту жол-эксплуатациялык ишканасынын кызматкерлерине 2 айлык маянасын алууга жардам берди

23/07/2025 - 09:33

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту №35 жол-эксплуатациялык ишканасынын кызматкерлерине 2,2 миллион сомдон ашык эмгек акыга карызын алууга жардам берди. 

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-түндүк» ишканасынын Ысык-Көл филиалынын №35 жол-эксплуатациялык ишканасынын 43 кызматкери арыз менен кайрылган.

Жолчулардын айтымында, алар өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып, аба ырайына карабай күнү-түнү иштешкен. 
"Ошого карабастан, жетекчилик эки айдан бери эмгек акыны, жол кире акысын жана эмгек өргүү акысын төлөбөй жатат. Ошондой эле бизге жумушчу кийимдерди бербейт, маянанын тарифтик торчосу менен, дем алыш, майрам күндөрү жана түнкү нөөмөттөр үчүн төлөнүүчү акылар менен тааныштырбайт", - деп жазышкан кызматкерлер арызында. 

Институт №35 Жол эксплуатациялоо ишканасынын жетекчилигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматына кат менен кайрылды.

Ишкана кызматкерлери менен түзүлгөн эмгек келишиминин үлгүсүн жана өргүү графигин сураган катын жоопсуз калтыруу менен менен "Маалымат алуу укугу жөнүндө" мыйзамдын 17-беренесин (Жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талаптарга жооп берүү мөөнөтү) бузду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги көчмө текшерүү өткөрүп, анын жыйынтыгында жолчулардын арызы тастыкталган. Мекеме ишкананын жетекчилигине мыйзам бузууларды жоюу жана кызматкерлерге жалпы суммасы 2,2 миллион сомдук карыздарды төлөө боюнча эскертүү жолдогон. Бирок ишкана белгиленген мөөнөттө эскертүүнү аткарбагандыктан, ага 13 миң сом айып салынды.

Айыпка улай Акыйкатчы Институту "Кыргызавтожол-түндүк" мамлекеттик ишканасына иликтөө жүргүзүп, тартиптик чараларды көрүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу талабы менен Көңүл буруу актын жөнөттү. 
Анын натыйжасында, кемчиликтерге жол берген №35 ишканасынын директору Камбарбек уулу Адилетке сөгүш жарыяланып, жолчулар айлык маянасын толук ала алышты. 

Жолчулар Акыйкатчы Институтунун дарегине ыраазычылык кат жолдошуп, анда эки айлык эмгек акысын төлөөгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Акыйкатчынын 2024-жылдагы отчетуна ылайык  институттун дарегине эмгек укуктардын бузулушу  боюнча 52 кайрылуу келип түшкөн. 

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик ишканалардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилеринин көңүлүн эмгек мыйзамдарынын талаптарын бузбоого бурат, ошондой эле кызматкерлердин укуктарын коргоо үчүн кесиптик биримдиктерди түзүүнү сунуштайт.